Чынара Эсенгул, эксперт: “АКШ менен Кытайдын ортосунда “соода согушу” күчөп баратат”


-- АКШ президентинин көп өлкөлөргө салган бажы төлөмдөрү түрдүү пикирлерге түртүүдө. Бул боюнча сиздин оюңузду да уксак?
-- Дональд Трамп бийликке келгенден кийин тарифтик саясатты өзгөрткөнү тууралуу кеп козгосок, бул өзгөрүү дүйнөлүк экономикалык система үчүн олуттуу жаңылык болуп, аны жер титирөөгө тете окуя катары бааласак жарашат. Бирок азырынча анын таасири толук түшүнүксүз, анткени, жараян жаңыдан гана башталууда. Ошондуктан азыр 90 күндүк тыныгуу жарыяланды.
Дүйнө базар экономикасына негизделгендиктен, мындай олуттуу кадамдар эл аралык фондулук биржаларда, каржылык институттарда чоң тынчсыздануу жаратып, рынокто туруксуздукка алып келүүдө. Ошол себептен 90 күндүк тыныгуу убактылуу токтотуу катары киргизилди.
Эң негизгиси, бул тарифтер баардык мамлекеттерге кандайдыр бир деңгээлде таасир этүүдө. Бирок өзгөчө АКШ менен Кытайдын ортосунда чоң соода тиреши күчөп, “соода согушу” башталды десек болот. Трамп Кытай товарларына 100 пайыздан ашкан, кээ бирине 125 пайызга жеткен тарифтерди киргизди. Кытай да жооп кайтарып, өз тарабынын чараларын көрө баштады. Натыйжада эки өлкөнүн ортосунда чоң экономикалык тиреш башталды.
Бул аракеттердин максаты – Кытайдын экономикасын жайлатуу. Себеби, дүйнөдө Кытай өнөр жай капиталынын өкүлү катары көтөрүлсө, АКШ каржылык капиталдын кожоюну эмеспи. Башкача айтканда, Кытай дүйнөнүн фабрикасы болсо, АКШ дүйнөнүн банк системасын көзөмөлдөйт.
Бүгүн дүйнөнүн кайсы жерине барба, “Made in China” деген жазуусу бар товарларды көрөбүз. Алар негизинен доллар менен сатылат, себеби, дүйнөлүк негизги валюта – доллар. Ошондуктан АКШ каржы системасын, Кытай болсо өндүрүштү көзөмөлдөйт.
Ушул фондо соода жана каржылык багыттагы тирешүүнү Трамп баштады. Кытай ага жооп берүүдө. Натыйжада эки державанын ортосунда түздөн-түз “соода согушу” жүрүп, калган мамлекеттер бул тирешүүнүн сыртында калууда.
-- Эми бул кырдаал Кыргызстанга кандай таасир этет?
-- Биз Кытай менен түз чектеш мамлекет болгондуктан, бизге тикелей таасирин тийгизет. Эгер бул “соода согушу” уланса жана мамлекеттер аралык мамилелер чыңалса, Кытай дүйнөлүк рынокто жаңы өнөктөштөрдү издей баштайт. Бул өз кезегинде Кыргызстан үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү ачышы... Кытай жаңы багыттарды караштырып, туруктуу байланыштарды түзүүгө аргасыз болот. Бул убакытты талап кылганы менен биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы ыктымал. Эгер аны пайдаланып калбасак, жоготууга учурашыбыз да мүмкүн. Ошол себептен Кытай менен болгон коңшулук мамилени пайдаланып, жакшы шарттар аркылуу кызматташууга жетишүүгө аракет кылуу зарыл. Менимче, бул кырдаалды мүмкүнчүлүк катары кароо керек. Геосаясый жана идеологиялык жагдай да маанилүү.
Трамп саясатчы эмес, ишкер адам. Ал көбүнчө прагматикалык, бизнес логика менен ой жүгүртөт. Ага саясаттын терең катмарлары анча кызык эмес. Ал “ким утту, ким утулду” дегендей, ошол жагын гана ойлойт. Бирок саясатта мындай мамиле дайым эле иштей бербейт. Ошондуктан бул процесстерди дыкат байкап, Кытайдын дүйнөлүк деңгээлде таасирин күчөтүп жатканын эстен чыгарбоо керек. Биз буга даяр болушубуз шарт. Трамптын саясаты адам укуктары, демократия сыяктуу либералдык принциптерге каршы багытта кетип жатат. Ал Европа менен да жаңы шарттарды сүйлөшүп, күчтүү позицияны кармоого аракет кылууда.
-- Эки державанын тирешүүсүнүн аягын кандайча элестетсек болот?
-- Трамп таза бизнес логика менен аракеттенсе, Кытай узак мөөнөттүү стратегия аркылуу алдыга жылууда. Ушул жагдайда Кытай утуп чыгышы мүмкүн деген ойдомун.
Гүлжан Төрөбаева
"Азия Ньюс" гезити