Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турдакун Усубалиев теңдешсиз улут лидери

Турдакун Усубалиев теңдешсиз улут лидери

22-октябрь, 19:30
1 415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ардактуу окурманым, кыргыз элинин “Улуу Жаратканды көзүӊ менен көрбөсөң дагы, акылың менен тааны, жүрөгүӊө сакта» деген тарбия-таалим берүүчү канаттуу сөзү калкыбыздын ички дүйнөсүндө миң жылдап жашап келет. 

Жеке адамдын жарык дүйнөгө жаралгандан, кылым карытып жашаган ар түркүн дооруна бир беткей жасалма баа берип, “жакшысын чыгарып, жаманын жашырып”, куру бекер негизсиз даңазалоодон алысмын. Адамзат жаралгандан тарта, оң-сол, ак-кара, жакшы-жаман деген тең салмактуулук сакталып турат. Жазмыштын оңунан бирөөбүз миңге, миңибиз миллионго, миллионубуз миллиарддан ашып, ар түркүн этностогу карама-каршысы бар, илимий-техникалык прогресске ээ болгон коомчулуктар биринен-бири сала жаралып келет. 

Эмгектеринен окуганыбыздай, Турдакун Усубалиевич публицист, талдоочу катары эки тилде даана жаза да, сүйлөй да билген. Анын абдан айкын, жүйөлүү, дайыма фактыларга таянып жазылган томдору ага күбө. Ал өз автопортретин кынтыксыз толук жазып кеткен чыгармачыл улуу инсан. 

Акыйкатка таазим этсек, адамзаттын тарыхында мамлекетти башкаруунун бирден-бир эталону экендигин Турдакун Усубалиевич аткарган көрсөткүчтөрү менен иш жүзүндө далилдеп кетти. Өзүнө чейин кырк, өзүнөн кийин кырк жылдык аралыкта, калдайган калкынын шору болуп, Усубалиевдей жетекчиге жетпей турганыбызды республикабыздын ошол кездеги ар тараптан өсүп-өнүккөн салыштырмалуу саясый жана эл чарбабыздын деңгээли тастыктайт. 

Бул адам өткөн кылымдын ортосунан тарта кылымдын аягына чейинки Советтик Кыргызстандын эл чарбасын, өнүккөн экономикасынын калыптануусун, тарыхый жашоосун, республиканын келечек программасын чыныгы окумуштуу, талдоочу катары баа жеткис эмгектерди калтырды. Турдакун Усубалиев Кыргызстан калкынын багына жаралган, салыштыргыс көпчүлүк катары басып жүргөн энциклопедия болгон. Депутат катары өлкөсүн өнүктүрүүгө арналган көптөгөн программаларды түзүп, кийинки эгемен Кыргызстандын заманында республиканын эл чарбасындагы жүргүзгөн иштердин оош-кыйыш, оң-тетири жактарын талдап, туңгуюктан чыгуунун негиздеген аргументтүү жолдорун бийлик башындагылар укпаса-көрбөсө да, кайталап тажабай айтып, жазып жатты. 

Ал эгемен Кыргызстандын келечегине реализм менен терең ишенген, дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин алдыңкы сабында болорун эңсеген. Ал үчүн чакан өлкөсүндөгү потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн, илимий-өндүрүштүк ар тараптан терең негиздеген табылгалары далилдеп турбайбы. Дүйнө өлкөлөрүндө сейрек учуроочу жерсуу, кен жана башка жаратылыш байлыктары республикада жетиштүү экендигин баалап, жетектөө мезгилиндеги тарбияланган жогорку деңгээлдеги ынтымактуу, көп улуттуу эли-журтуна таянган. Союздун тоо-кен окумуштууларынын Кыргызстанда алтындын ири запасы табылышы күмөндүүлүктү жаратат деген жараксыз божомолун четке кагып, мээнеткеч, мекенчил геологдоруна, окумуштууларына, курулушчуларына союзда жок иштөө шартын уюштурду эле, беш-он жылдык убакта чакан өлкөсү дүйнөдөгү алтыны бар, башка эң кымбат баадагы элементтери ашып-ташыган бай мамлекеттердин катарына жетип калганын кандайча баалоого, кандайча алкоого болот? 

Алтымышынчы жылдардын аягында касиеттүү Ысык-Көлүбүз белгисиз себептер менен деңгээли төмөндөй баштаганы Турдакун Усубалиевичти терең ой толгоого батырып, республиканын, союздун тийиштүү окумуштууларына, климатологдоруна кайрылуусунан майнап чыккан эмес. Акыры тобокелге салып, дасыккан шакирттери менен “Ысык-КөлЧүй аймактык өндүрүш комплекстин” долбоорун түзүп, бизден чогулган Сары-Жаз дарыясын аккан нугунан кайра тескери агызып, бөксөрүп бара жаткан көгүлтүр көлүбүзгө, артканын Сары-Өзөнгө куйдурууга долбоор даярдаттырат. Илимий-өндүрүштүк негизделген жыйынтык алуу максатында дүйнөдө теңдешсиз СССР илимдер академиясынын корифей окумуштууларына кайрылат. Ал убакта Сары-Жаз өрөөнүнөн союзда жетишпей турган калайдын, вольфрамдын жана башка баалуу кендердин ири запасын аракетчил геологдорубуз таап чыгышат. Академиянын президиумунда өзү доклад жасап, атайылап даярдалган фильмди көрсөтүп, Сары-Жаздан табылган ар түркүн кендердин үлгүсүн катарынан тизип, чоң илимий өндүрүштүк кеңештин колдоосуна татыган. Академиянын чечимин мамлекет башчыларыбыз ар тараптан дароо кубаттап, чакан Кыргызстанга 1 миллиард 755 миллион рубль бөлдүрүп алганы, айтып бүткүс тарыхый-илимий жеңиштүү окуяга айланган. 

Илимдер академиясынын көп жылдык тарыхында, ааламда кайталанбаган татаал өндүрүштүк долбоорду, 300дөн ашык корифей окумуштуулардын, тийиштүү министрлердин катышуусундагы илимий кеңештин талкуусунда коргогон алгачкы жана акыркы партиялык-мамлекеттик советтик ишмер болуп Турдакун Усубалиев жалгыз катталып турат. 

Турдакун Усубалиевич чоң илимий, экономикалык жана идеологиялык көптөгөн жеңиштерге, коңшу республикалар менен өндүрүштүк талаш-тартыштарда жаратылыш тартуулаган муюбас акылы, айлакерлиги жана талыкпас мекенчилдиги, таза эмгеги менен жеткен. Чейрек кылым өлкөсүн жетектегенде эли-журту күткөндөй “горбачевчулардын” миңдеген текшерүүсүнөн майнап чыккан эмес. Улуу инсаныбызга жемкорлук, паракорлук, браконьердик, карта-биллиард ойноо, балык кармоо, кошуп жазуу жана мамлекет байлыгын уурдап-тоноо жат болгон. 

Турдакун Усубалиев жөнүндө чыгарма жаратыш мен үчүн бир чети жеңил болгонсуду. Анткени өмүр баянын, эмгектенүү мезгилин толук чагылдырып калтырып кеткен даяр томдору, биздин көз алдыбыздагы чейрек кылымдагы миң жылдык катарынан тургузган тарыхый курулуштары, ал киши тууралуу жарыяланган көптөгөн чогуу иштешкен үзөңгүлөштөрүнүн, шакирттеринин, саясатчылардын чыгармалары мага жетишсиз. Айтканынан айта элеги, бүткөнүнөн бүтпөгөнү башталбай тургандай, атүгүл бузулбаган дың жерди көргөндөй болгон материалдар мени алга сүрөп, иштегенге күч-кубат берип, аян бергендей аракеттенүүгө мажбурлап турду. Экинчи жаатынан, ал киши тууралуу китеп жазыш мен үчүн өтө оор эле. Даяр турган тастыктуу материалдарды пайдалансам, китеп өзү жаралып калчудай жеңил көрүнгөнү менен иштей келгенде аалымыбыздын алыска көз чаптырган терең, татаал, айтылбай кеткен улуу ойлорун, көз карашын өзүндөй жеткиликтүү баамдап, улап кетпей мүдүрүлүп токтоп калган учурларым болду. Айрым катуу кыйналганда “даанышман адамды алып чыгууга, сүрөттөөгө өзүнөн кем эмес талант, акыл-эс, жөндөм керек турбайбы, менде андай мүмкүнчүлүктөр караандабай жатпайбы” деп ордумдан тура калган учурларымчы? Кайра “Алыбек алына жараша эмеспи” деп өзүмдү жооткотуп, баштаган жумушумду улантып жаттым. 

Турдакун Усубалиевич менен кол алдында аралаша иштеп, тажрыйба-таалимин, тапшырмасын, иштөө стилин жакындан үйрөнбөсөм да, партиялык активдерде, пленумдарда, съезддерде фактыларды келтирип кырааттуу сүйлөгөн сөздөрүнө кулак түрө кунт коюп, өтө кызыгып угаар элем. Ар бир атаган цифраларын талдап, мурдагысын кийинкиси менен салыштырып, келечекке койгон негиздүү талаптарын, эфирдеги сүйлөгөн сөздөрүн, жазган өндүрүштүк-саясый макалаларын, жарыкка чыккан китептерин кайталап окуп, көңүлүмө түйүп калууга аракеттенип келдим. Касиеттүү мамлекетин өнүктүрүүдөгү баа жеткис баалуу эмгектери азыркыга чейин жадымдан чыкпайт. Мезгил-мезгили менен кайталап окуудан тажабайм, тескерисинче, дүйнөлүк мыкты поэзиянын саптарын кайталаган сымал, таңкала ырахат алам, толкунданам. 

Турдакун Усубалиевдин жетекчилик доорундагы жасалган өндүрүштүк-илимий иштерин, эл чарбасына, илим-агартууга, искусство-адабиятка, көркөм өнөргө, спорт менен кино жанрына, курулуш жана архитектурага кошкон салымын, арттагы агрардык республиканы алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жеткизген терең аракеттерин баалагандар, дүйнөгө таанымал союздук улуу шедеврлердин тобу аны «Улут атасы» деген ардактуу наамын, китебимдин аталышына колдондум. 

1981-1985-жылдары, төрт тарабы төп келген, гүлзарга чулганган, салыштырмалуу союзда жок: акүй, филармония, улуттук музей, илимдер академиясы, аэропорт, библиотека, почтампт, бакыт үйү, колхоз базарлары, Ала-Арчадагы, көлдөгү резиденциялар, санаторийлер, Ала-Тоо жана Жениш аянттары сыяктуу имараттар ак куудай болуп, көргөндөрдүн делебесин көкөлөтүп, катарынан чыга келди. 

Алгачкы «Ата деми» аттуу китебимдин «Турдакун Усубалиев совет өлкөсүнүн жана кыргыз тарыхынын улуу инсаны» деген ат менен чакан бир бөлүгү жазылган. Аны кыска мөөнөттө кеңейте улаган эмгегим, көркөмдөлгөн адабий чыгарма эмес, жеке адамдын бийлик доорундагы калтырган иштерин чагылдыруучу материал болгондуктан, шарттуу түрдө «тарыхый-документалдуу баян» катарындагы китеп атадым. Мага чейин улуу адамыбыз тууралуу аралаша иштегендердин жана Ата журтунун тагдырына кайдыгер карабаган, аны жакындан билгендердин жараткан далилдүү чыгармалары ого эле көп. Мен дагы алардын сабына кошулууга аракеттендим. Менден кийин дагы улуу аалымыбыздын бийиктиги тууралуу ооздон оозго, атадан балага өтүп, тарыхый илимий изилдөөлөр адабиятта, кино жанрында, сүрөт жана көркөм искусствосунда токтобой жарала берерине терең ишенем. Кийинки урпактарыбыз аны көсөм жетекчи, үлгү катары баалап, калтырган иштери тууралуу тарбия-таалим катары жогорку окуу жайларында келечек муундарыбыз үчүн сабак өтүлөрүнө күмөн санабайм. “Баардык нерселер салыштыруу менен бааланат” дегендей, эки миң жылдан ашуун өмүрү бар кыргыз калкында Турдакун Усубалиевдей улут лидери жоктугун карт тарыхыбыз тастыктап турбайбы! 

Турдакун Усубалиевдин жогорку интеллектуалдык маданий деңгээли, мамлекеттик акылман улуу ишмердиги, калтырган көп томдук осуяттары, Кыргызстандын жалпы кийинки муундары жана иштеген жетекчи интеллегенциясы сабак алуучу, түгөлү менен басып өтүүчү тарыхый Алиппе. Ага Жаратканыбыз тартуулаган муюбас акылы, талыкпас энергиясы жана өлкөсүн өлчөөсүз урматтаган мекенчилдиги менен олуязаада жетекчи деңгээлине жеткен тарыхый инсан. 

Кылымдарды карыткан тарыхы бар байыркы кыргыз калкынан жүз жашка таяп өмүр сүрүп, анын жетимиштей куттуу жылын өзү терең урматтаган Ата журтунда партиялык кызматкер, депутат жана чейрек кылым мамлекетин жетектөөдөгү Усубалиевдин калтырган көп томдуу көөнөрбөс чыгармалары, тургузган миң жылдык имараттары, ачылган теңдешсиз алтын жана андан дагы кымбат баадагы кендерин, курдурган ГЭСтерин, күүлдөп иштеген союзга, дүйнөгө белгилүү үч жүздөн ашык ири комбинаттарын, өнүккөн механикалаштырган айыл чарбасын алсак, кийинки урпактарыбыз окуп, көрүп, утур кийинки муундарыбыз сыймыктанарына күмөн саноо болбойт. 

Чыгарма жазууда өзүмдү өзүм куру бекер негизсиз даңазалоодон алысмын. Кечээ эле өткөн мезгилде илим-билим берүү, ден соолукту сактоо, улуттарды ынтымакта кармоо, жана тарбия-таалим алуу, адамдардын укугун коргоо сыяктуу көптөгөн адамзатка керектүү муктаждыктар Совет мамлекетинин көзөмөлүндө тургандыктан, жашаган көп улуттуу калкы бейкапар, ток пейилдик маанайда өмүр сүргөн. Жазмыштын буйругу менен колониялык, жарым көз карандылык мезгилден өз алдыбызча эркин жашоого өткөндө, тамтуң басып, бир эки кадам шилтөөгө жарабай, жүрөгүбүз жарыла толкунданып жеткен эгемендик жылдары, азезилдей айткан убадаларыбыз менен иш жыйынтыктарыбыз теңирден тескери чыгып жатпадыбы. 

Батыштын зарлап тилегени – кубаттуу Советтер Союзу кулап, он беш союздук республикаларга жапырт старт берилгендей ар кимиси өз алдынча эркин жашоо тиричилигине өтүштү. Бизден башка бир тууган союздук республикалардын баардыгы тең чачыроо мезгилиндеги – 1985-1990-жылдардагы жалпы экономикалык-финансылык көрсөткүчтөрүнөн алда кайда жогорулап, озуп кетишти. Чын сөздү тике айткандан тайманбасак, мамлекеттин деңгээлин аныктоочу көрсөткүч болгон калктын ар бир кишисине алынуучу таза кирешесин эсептегенде 5-12-20 эсеге алардан артта турабыз. Ушу тапта жалгыз биздин Кыргызстаныбыз адамзатка керектүү жаратылыш байлыктардын туу чокусунда минип, тебелеп-тепсеп туруп, алдыга жылуучу багыты аныкталбай, экинчи дүйнөлүк согуштагы атом бомбадан жапа чеккен Хиросима, Нагасакинин абалындай, бүтүндөй эл чарбабыз, илим, агартуу тармактарыбыз, мамлекеттик курулуш жана архитектурабыз толугу менен токтоп, өз өлкөсүндө жумушсуздукту чечпей, өкмөтүбүз өзү чечинип киришип, акыл-эси, ден соолугу мыкты, тарбия-таалимди жетиштүү алган, чет тилдерин сайрай билген, даярдыгы күчтүү тандалма жаштарыбызды дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө экспортко арзан “товар” катары малайлыкка жөнөтүп жатканы, өз Ата мекенинин келечегине балта чаап, жалпы мамлекетибиздин, улутубуздун эстен кеткис, дүйнө элдеринде кайталангыс тарыхый трагедиясы эмеспи!  

Эгемендиктин алгачкы он жылдыгында чакан элибизден 2 миллиондой жаштарыбыз чет өлкөлөргө жашоонун азабынан, айласынын жоктугунан өз жеринен чыгып кетишип, жок дегенде 1,5 миллиондою чет мамлекеттин жарандыгын алышты. Алардан 2 миллиондой адам жаралып, түпкү мамлекетинин таз кейпин көргөн урпактарыбыз эч убакта мурдагы ата теги жердеген конушуна кайтып келишпейт. Ошол эле убакытта 2,5 миллиондон ашык даяр турган жогорку квалификациядагы ишкер адамдарыбыз ишсиз көчөдө тентип жоголгонуна “шарт” түздүк. 

Куржунубуз мойнубуздан түшпөй, эл аралык фонддордон, донор мамлекеттерден 2 миллиарддан ашык гуманитардык жардамга келген долларларды, өлкөбүздү алга сүрөөчү реформа жүргүзүүгө пайдалана алганыбыз жок. Тескерисинче, аралаша иштегендерди, бийликке жакындарыбызды бекерпоздукка, жатып ичерликке, арам тамакка көндүрүп, калкыбызды байыртадан келе жаткан көөнөргүс каада-салттан ажыратып, жыйынтыгында өлкөбүздү ар тараптан кайталангыс бузулушуна алып келдик. 

Тарыхтын жеңиштүү жаңы барагын улуттун башчысы болчу мекенчил жалгыз адам уюштурат, жетектейт, үзүрүн “далдоодогусу” көрөт, калганы массовкадагы артисттер дегендей, бүгүнкү күнү эли-журтуна ээлик кылуучу суурулган адамыбызды кырк жылдап бийлик башына жеткирбей турганыбыз өтө өкүнүчтүү. Болбосо, эгемендүүлүктүн алгачкы заманында адамзатка керектүү жаратылыш байлыктардын баардыгы ашыкча кенен ашып-ташыган, адам ресурстары жетиштүү, адептүү калыпка түшкөн көп улуттуу чакан калкы бар, союздагы гүлдөгөн республиканы андан ары жетектеп кетүүгө анчалык кыйынчылыктарды жаратмак эмес. 

Эгемендиктин отуз жылдан ашык мезгилинде шайлаган алты президентибиздин бешөө “Кумтөр эпопеясынын” жалынында жалбырттап, өздөрүнө ылайыктаган “менчик” Конституцияларды кайталап “курдуруп”, “укугу чексиз, жоопкерчилиги нөл” деңгээлге түшүп, талкалануудан башы чыкпаган өлкөсүнүн өнүгүүсүндөгү ар тараптан негизделген келечек концепция-программасын түзгөнгө же бир жылдык такталган экономикалык отчетун жарыялап, оң-тетири жерлерин талкуулап, алдыга кадам шилтөөгө эч кимисинин кудуреттери, ой санаасы жетпеди. Мурдагылардан айырмаланып, Садыр Жапаров Кумтөрдөгү эл аралык шылуундар менен “табакташтыкты” токтотту эле, алар ызы-чуусуз, сотсуз айдын караңгысында качып жоголушту. Алгачкы беш президенттин маалында чет элдик ашынган шылуундар Кумтөрдү 28 жыл каалагандай иштетишип, 410 тоннадан ашык алтынды чыгарып кетишкен. Кен байлыктын ээлерине “кайыр-садакага” 100 миллиондой долларды ташташты. 

Эмгегимди жаратууда Турдакун Усубалиевдин өзү жазган эмгектерин жана ага арналган көптөгөн макалаларды, поэмаларды, чыгармаларды кайталап окуп, керектүү жерлерин тартынбай колдондум. Анткени, жалпыбыз пайдаланган материалдарыбыз “бир колоттогу” жеке адамдын өмүр баяны, басып өткөн тарыхый жолу, бүтүргөн албан иштери жана жазып калтырган эң кымбат баадагы китептери чогуу бир беткей болгондуктан, пайдаланбай коюу мүмкүн эмес экендигин мойнума алам.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер