Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадр саясатынын кашайганы – плагиат ырчы Усеновдун министрге кеңешчи болгону!

Кадр саясатынын кашайганы – плагиат ырчы Усеновдун министрге кеңешчи болгону!

10-ноябрь, 22:51
4 382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн кадамдарына коомчулуктун ичи чыкпаса каршылык көрсөтүүсү башталат да. Учурда кадр саясаты ойдогудай жолго түшпөй калды. Маселен, ырчы Урмат Усеновдун маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болгону соцтармактарда нааразычылык жаратканына күбө болуудабыз. Эгерде элге эмгеги сиңген композитор, же шедеврлерди тартуулаган ырчы болсо бир жөн эле. Таңгаласың, маданият жаатында улуу, орто муундардагы залкарларыбыз бар эле да! Аларды неге жеришти? Тилекке каршы, Урмат Усенов казактардын “Жанымда бол” деген чыгармасын плагиаттык жол менен ырдап, аны да ийине жеткизе албаганына не дейсиңер? Мына ушундай көптүн бири министрге кеңешчи болуп атса, калың катмар нааразы болот да. Аталган тармак маданияттан сырткары маалымат, туризм жаатын дагы тескейт эмеспи. Бул жагынан адис эмес Усенов ар кимдин ырын созуу менен кеңеш береби? Айтор, акыл кошчу кадрлары калбай калып, өкмөттүн өчөйгөн дараметине күбө болуудабыз. Эң жөнөкөй иштерден ката кетирип атышкандан кийин башкасын айтып не кылалы?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер