Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек?

Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек?

14-июль, 14:21
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы эрежелер:

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген расмий маалымат боюнча, коронавирустук инфекциядан жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Вирус тышкы чөйрөдө 3-4 саат аралыгында жок болуп кетет.
Ага карабастан, баардык алдын алуу чараларын сактоо зарыл.
Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек:
Эгерде адам ооруканада каза болсо, баардык тийиштүү процедуралар медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт. Медкызматкерлер толугу менен маркумду көмүүгө даярдап, аны жууп кепинге ороп, кошумча полиэтилендик кездемеге ороп, моргдун короосунда эле намаз (жаназасын) окушат. Ошол жерден дароо эле көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин, аны кайра ачып, коштошууга болбойт.
 
Эгерде маркум үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле, медициналык көрсөтмө боюнча дезифекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, беткап жана колкап кийүү кажет.
Башка сунуштар жана чектөөлөр:
 
Эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;
 
Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок;
 
Жаназага катышуучулардын ортосунда социалдык аралык жана өздүк гигиена сакталышы кажет, беткап кийип, аны 2 саат сайын алмаштыруу зарыл;
респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар, акыркы сапарга узатуу аземине катышпай эле койгону оң;
 
Коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду ташуу атайын адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүшү керек;
 
Маркумду коронавирус же пневмониядан көмүү үчүн салттуу түрдө жалпы көрүстөндөрдө өткөрүлөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер