Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Канат Садыков менен Искендер Исамидиновдун бузуку иштери...

Ректор Канат Садыков менен Искендер Исамидиновдун бузуку иштери...

09-май, 15:09
698 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде иш начар. Анткени Канат Садыков ректор болуп келгенден бери университет артка кеткен. Канат Садыков келгенде университетте 25 миң студент окуса, азыркы учурда 15 миң, студенттердин саны 10 миңге кыскарган. Улуттук университеттин бюджети мындан алты-жети жыл мурда 800 миллион сомду түзсө, азыр 630 миллион болуп, 170 миллионго кыскарган. Канат Садыков ректор болуп турганда китепканачылар бунт көтөрүп, 30 профессор, доцент, окутуучулары университеттин үстүнөн доо арыз жазып, чатакташып, соттошкон. Ушундай ызы-чуу болуп жаткан жерде кантип иш алдыга жылат? Канат Садыков ректор болгон жылдар улуттук университеттин кедерине кеткен мезгили болуптур.

Андан мурда Канат Садыков билим берүү министри болуп деле кыйратып иштей алган жок, үстүнөн кылмыш иши козголуп, кызматын тапшырууга мажбур болгон. “Ата баркы менен кыз өтөт” болуп, сөзүнө бекем турган президент акындын керээзин аткарып, Канатты ректор кылды. Ушинтип жалаң көтөрмөлөө менен келаткан Канат Садыков университеттин ишин тартып кете алган жок. Анын “жашыруун кеңешчиси” шайлана албай 3 жыл ректордун милдетин аткаруучусу болуп иштеп, “30 кабат башкы имарат курам” деп, долбоордун сүрөтүн коюп алып, жомок айтып, оозу менен орок оргон Искендер Исамидинов болгон дешет. “Бүлдүргүч” атка конгон Искендер Исамидиновдун кылган иши: картайган кезде жолуккан кара тору, айча бел кермекешка университет үчүн керексиз факультет ачып берүү менен чектелген. Анысы дагы башка соорусун чайпаган сулуулар менен Стамбулга чабагандап каттап, шоп-тур жасап, шапар тээп, ошондон ийин “университеттин декандары иштебей эле коммерсант болуп кетишиптир” деген сөз тарап, ал кыңыр иш аэропорттон алынган маалыматтар менен бекемделип, айтор, ошол ызы-чуу чыкканда Искендер Исамидинов ректор башы менен өзү барып, “мен үчүн кечиргиле” деп кылгыра караган көрөр көзү үчүн жалдырап, эмгек жамаатынын алдында салбырап туруп кечирим сураган деп аңыз кылып айтып жүрүшөт. Иши кылып, улуттук университеттин минтип чөгүп баратышынын себеби көп экен, кайсы бирин айталы. 

Канат Садыков ошол кара курсагынан башканы ойлобогон, жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн, эмгек жамаатына суук тумшук көрүнгөн “кеңешчисинин” жолун жолдоп, университеттин эң начар ректорлорунун бири болду. Башкасын айтпаганда да азыр эмгек жамааты дагы нааразы экен. Ректор Канат Садыков 5 жыл маяна көбөйтпөгөнү аз келгенсип, эми президенттин жарлыгын аткарбай, бюджеттин айлыгы 100 пайызга көбөйүп жатканда жаш баланы алдагансып, профессорлук-окутуучулук курамдын колуна алган нак айлыгына болгону 2-3 миң сомдон араң кошкон. Кыскасы, президент өзү көзөмөгө албаса, улуттук университеттеги абал мышык ыйлагыдай эле экен. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер