Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Узарбек Жылкыбаев: “Төрайым Нуржан Шайлдабекова эң жакшы иштеп атат”

Узарбек Жылкыбаев: “Төрайым Нуржан Шайлдабекова эң жакшы иштеп атат”

12-октябрь, 19:00
1 689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Узарбек мырза, күздөгү парламенттик шайлоого даярдыктар кандай болууда? 

-- “Ударными темпами” деп орустар айтмакчы, жакшы эле жүрүп атат. Анткени, быйылкы шайлоо өзгөчө шайлоо, жаңы мыйзам, жаңы талаптар дегендей. 90 депутат, бир мандаттуу жана партиялык ачык тизме менен. БШК 4 топко бөлүнүп алып окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Укук коргоо органдарына мыйзам бузуулар болгон жерде кандай ыкчам чара көрүүсү боюнча. Бул биринчиси. Экинчиси, округдук комиссия мүчөлөрүн, банк кызматкерлерин, анан саясый партиялардын жер-жерлерде өкүлдөрүн да окутуп атабыз. Агитацияны кандай жүргүзүп, шайлоо фондун кандай түзүш керек, кандай расход кылуу кажет (?) дегендей. Жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнө да тренинг кылуудабыз, маалымат жаатында мыйзамдуулукту сактоо боюнча. Жалпысынан алганда иш кызуу жүрүп жатат.

-- Админресурска көзөмөл кандай каралат?

-- Ал боюнча штабдын жетекчиси Марат Иманкулов “Админресурска аралаша турган болсоңор жөн эле кызматтан кетип эмес, мыйзам негизинде жоопко тартыласыңар, катуу чара көрөбүз” деп баарына жеткирип, катуу тапшырма берүүдө. Жылдагыга салыштырмалуу быйылкысы коопсуздук кеңештин катчысы жетектегени айырмачылык болууда. Анткени, укук коргоо органдарын көзөмөлдөй турган адам да. Эгер бизге мыйзам бузуу боюнча фактылар келсе, биз ал партияны же талапкерди шайлоодон четтетебиз. Өзүбүз да катуу туруп атабыз. 

-- Добуш сатып алууну кантип токтотобуз?

-- Бул жерде ар бирибиз жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Жөнөкөй шайлоочулардан баштап, ар бир талапкерлерге чейин “сатып атпайбы, сатып алып атпайбы” деп тура бербей, “токтоткула” деп тийешелүү чара көргөнүбүз оң. Бул шайлоо “тарыхый шайлоо болот” деп атабыз. Качанкыга чейин ызылдашып жүрө беребиз? Кыргыздын бычакка сап уул-кыздары депутат болуп келип, мыкты мыйзамдарды кабыл алып, ишке аша турган идеяларды берип, мамлекетибизди өнүктүрүп, элибиздин жашоосун оңдоп, жакшы жакка бурууда салым кошорунан үмүт бар. 

-- Коомчулукта “Узарбек бекер жеринен бул жакка барган жок, акырында БШКнын төрагасы болот” деген имиш тарады. Бул боюнча эмне дейт элең?

-- Мен андайга кошулбайм, БШК төрагасы болуу оюмда жок. Төрайымыбыз Нуржан Шайлдабекова азыр эң жакшы иштеп атат, тажрыйбасы мол, билимдүү. БШКда 12 мүчөбүз. Ар бир маселени добушка коюп чечебиз. Позициябызга, принциптерибизге катуу туруп берсек, төрага болбой туруп деле мыйзамдуулукту талап кылып, таза, акыйкат шайлоо өткөзгөнгө мүмкүнчүлүктөр болот го. Бизде мурунку жылдагы шайлоолор ызы-чууга айланса эле “БШКнын төрагасы же комиссия күнөөлүү” деп чыккандар болгон. Андай нерселерди аламанга аттанган партиялар, талапкерлер мыйзамды одоно бузуу менен жасашкан...       


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер