Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт ТӨРӨБАЕВ, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери: «Айтматованын айтканы жөн гана популусттик сөз болуп калды»

Бакыт ТӨРӨБАЕВ, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери: «Айтматованын айтканы жөн гана популусттик сөз болуп калды»

01-октябрь, 15:22
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
– Бакыт Эргешович, «Үмүт-2020» элдик кыймылынын лидери Ширин Айтматова өздөрүнүн ун иштетүүчү ишканалары бар үч фракциянын лидерлери 2015-жылы Кыргызстанга ташып келинген унду НДС салыгынан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп, мамлекетке 650 млн. сом зыян келтиришкендерин айтып чыкты. Үч лидердин катарында сиздин атыңыз да аталды. Буга кандай комментарий берер элеңиз?
– Ал 650 млн. сом биздин ун өндүрүүчүлөрдүн мурун төлөп жүргөн салыгы. Анан биз ЕАЭБге киргенден кийин ал салык түшпөй калды. Анткени, ун аткезчилик жол менен кирип баштады. Бүгүнкү күндө ун өндүрүүчү ишканалардын көбү жабылып, жабдууларын сатып жатышат. Себеби, Кыргызстандын ун базарын казак ун өндүрүүчүлөрү тейлеп, баарын көзөмөлдөшүүдө. Баасын дагы, көлөмүн дагы. Эми биздин ун өндүрүүчүлөргө кандай жеңилдиктер берилсе да, аларды бутка тургуза албайбыз. Алар эми ордуна келиши кыйын. Анткени, ишканалар жабылып же сатылууда. 
Ал эми жанагы мыйзам долбооруна келсек, аны биз эмес, өкмөт киргизген. Кийин сөз тийерин ойлоп, биз «кой» дегенбиз. Ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев ун тармагында иштеген ишканаларды сактап калайын деп киргизген. Бирок, сактап кала алган жок, ал мыйзам таасир этпеди.  Мен бүгүнкү күнкү статистиканы карап көрсөм, Казакстандан ун ташып келгендер расмий түрдө 80 млн. сом салык төлөп жатышыптыр. Ал эми биздин «Мариям» компаниясы 2012-2015-жылдары 700 млн. сом салык төлөгөн экенбиз. 2015-жылдан бери ал ун менен иштебей, башка тармакка кетип калды. Менде алты завод бар болчу, ошондон азыр бирөө эле иштеп жатат. Сизге бир видеону көрсөтөйүн. Мына, мурдагы заводдун азыркы акыбалы. Талкаланып турат. 
– Бишкектеби?
– Жок, Жалал- Абадда. Айнектери сынган. Ичинде чымчыктар жүрөт... Төрт кабаттуу чоң имарат болчу. Азыр ичи бопбош,  адам жок. 
– Ширин Айтматованын айтканына эмне дейсиз?
– Ал бешинчи чакырылышта депутат болгон. Экономикага таасир бере турган, элге социалдык багытта жеңилдик бере турган бир да мыйзам жазган жок. Жөн эле беш жыл ойноп жүргөн. Ошон үчүн мен анын деңгээлине түшкүм келбейт. Ага консультация берген экономисттер эч кандай абалды түшүнүшпөйт. Айтматованын айтканы  жөн гана популусттик сөз болуп калды. 
– Анда бул мыйзам долбоору 3 фракция лидеринин лоббиси деген туура эмеспи?
– Лобби болгондо ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин ундун көлөмү көбөйүп, кирише түшүп, завод өркүндөп-өсүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бүгүнкү күндө болсо беш миңден жыйырма миңге чейин жумуш орундары жабылганы айтылууда. Анан кайдагы лобби?!
– НДС кайра киргизилгени туура эле болдубу?
– Азыр  атаандаштык жок. Ун аткезчилик аркылуу кирип жатат. Казактын ун өндүрүүчүлөрү үчүн  шарт жакшы. Себеби,12 пайыз НДС салыгын төлөбөйт. Биздикилер төлөйт, ошону менен алар атаандаштыкка туруштук бере алышпайт. 
– Бирок, бул жерде бир маселе бар да, адистер «бизде өндүрүлгөн буудайдын көлөмү канчалык көбөйүп, унга болгон жалпы керектөөнү жаба турган деңгээлге жеткен күндө деле, ал буудай ун жасаганга жарабайт, клейковинасы төмөн» деп атышпайбы?
– Биздеги ун өндүрүүчүлөр 80 пайыз казактын буудайы менен иштечү. 20 пайыз гана биздин өзүбүздүн буудай кошулчу. Бирок, ошол 20 пайыз деле биздин дыйкандарга пайда болгон. Жок дегенде ошол көлөмдөгү буудайын сатышчу. Азыр ун заводдор иштебей жатканда ошол 20 пайызды да албай калышты да. Буудай жемге эле багытталып калды. Баса, биз иштеп турган мезгилде жемдин баасы 5-7 сом болчу. Бүгүн жемдин баары Казакстандан келет, баасы 15-20 сомго жетип калды. Көрдүңүзбү айырмасын?
Аттокур ЖУМАЕВ, «Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер