Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Казино ачууну колдойлу, мамлекетке кошумча каржы булагы түшөт”

“Казино ачууну колдойлу, мамлекетке кошумча каржы булагы түшөт”

12-апрель, 09:00
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Казинолор ачылса, кыргыз жарандары эмес саякатчылар, туристтер ойношот экен. Өкмөт ушундай эрежеге таянууда. Мындай аракет менен казынабызды толтурууга, инвестиция тартууга шарт түзүлөбү?” деген суроо салдык. Албетте, казино десе эле бир беткей “кумаркана качан эле адамзатка жакшы нерсени тартууласын?” деген түшүнүк болбой койбойт экен. Ошентсе да мамлекеттин жыртык казынасын толтурууда казинону ошол жакка бурсак болбойбу?

Рита Карасартова, коомдук ишмер:

-- Казинолорду бир кезде мамлекет тыюу салып, жаптырышкан. Анткен менен биз “такыр эле кумар оюндарын ойной турган жай жок” дегенден алыспыз. Болгону алар көмүскө түрдө, тааныш адамдарды киргизип, жабык эшик артында экени маалым. Демек, алар бар. Бирок, мамлекетке салык төлөшпөйт. Ушундан улам казинону ачык эле, кандайдыр бир жоболор, мыйзамдардын негизинде “Чет элдик туристтер, башка өлкөнүн гана жарандары кире алат” деген чектөөлөр жана аны кынтыксыз аткаруу шартында кылса болот. Мындай учурда мамлекетке расмий түрдө салык төлөө жакшы эле болгону турат. Казынабыз толбосо да кайсы бир деңгээлде акча түшүп турмак. Адамдарды биз канчалык тыйган сайын, анын коомго зыян келтире турган жагын аңдабай атабыз. Казинону тыйып коюу менен анын артында турган үлкөн чиновник же көпөс байлар бир башка ыгын таап, “Казино” дебей, “Игровой дом” же “Оюн автоматтары” деп кумарканалар иштеп атпайбы. Казинону ачыш керек, мен колдойм. Бирок, мыйзам катуу иштесин! 

Адил Турдукулов, коомдук ишмер: 

-- 2011-жылы Роза Отунбаева казинолорду жаптырган. Ошондо эле биз баарыбыз каршы чыкканбыз мындай демилгеге. Анткени, казино мамлекеттин маанилүү бирден-бир каржы булагы болуп эсептелет. “Жаптык” дегениңер менен жок болуп кетпейт. Биздин кумарпоздор керек болсо Казакстанга барып ойноп турушат. Мындан биз уттурабыз” деген үндөрүбүз бийликке жеткен эмес. Азыр бул маселенин көтөрүлүп атканы туура. Пандемия бир жактан, орус-украин согушу, орустардын санкциясы экинчи жактан бизди жакырлантып атат. Казинону ачуу – мамлекеттин кошумча каржы булагы катары бааласа болот. Албетте, Кыргызстандын баардык жагына ачып салуунун кажети жок. Биринчи кезекте Ысык-Көлгө ачса болот, туристтик аймак катары дегеним. 

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- Учурда бир эле Кыргыз мамлекети эмес, бүткүл дүйнө баардык жагынан жабыркап турат. Кайсы гана тармакты албайлы: мейли экономика, мейли социалдык жагы болсун. Анүстүнө бир катар өлкөлөр экономикалык санкцияларын киргизүүдө. Россиядан күйүүчү майлардын баалары али да жогору болуп турат. Казинону ачуу маселесин колдойт элем. Ансыз деле биздин кээ бир жарандар Казакстандын Капчыгай деген жерине барып казино ойноп атышат. Бир учурда биздин каражаттар сыртка чыгып кетүүдө. Бүгүнкү күндө экономикабыз татаал шартта калууда. Ошондон улам казинону ачып, “чет элдик коноктор, туристтер гана ойносун” деп мыйзам чыгарып, аны өтө катуу көзөмөлгө алуу кажет. 

Бир окуя эсиме түшүп атат. Биздин бир кошунабыз казино ойной калам деп баарынан ажырап кала жаздаган. Машинесин, үй-жайын уттуруп ийген. Ушундайды эске алуу менен биздин карапайым жарандарга казинонун эшиги жабык болуусу абзел. Түшүнөм, кумар оюнуна кимдер арбалбайт? Ар ким мээси, акыл-эси менен болгону жакшы.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер