Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөгө келген коноксуң, Төрөлүү-өлүү бат болот

Дүйнөгө келген коноксуң, Төрөлүү-өлүү бат болот

07-май, 18:24
730 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Жакып кызы Сүйүмкан кайнежемди, Доорон баласы Топчубек жездемди жоктоо кошогу)

Текестен ылдый суу агат,

Текелер чубайт кыялап,

Тебишип ойноп асманда,

Ителги түнөйт уялап.

Оой, теңдеши жок, теңирим!

Калыс бол өзүң ылгалап,

Эч кимге жакпас шум ажал,

Эжемди бизден неге алат?..

Атаандашпай адамзат,

Тирүүңдө сыйлаш, өлүм бат.


Жакын тууган эле эмес,

Сыйлашып дайым турбасаң,

Бир тууган да жат болот.

Чыгарба эстен жан курбум,

Эң мыкты адам март болот.

Дүйнөң эч шыбаа боло албайт,

Бекти да адам мыктысын

Караңгы көрдүн түбүнө

Алып кеткен кесел дарт болот.

Жашоодо түрдүү шарт болот,

Мыктысын тандап пайдалан,

Дүйнөгө келген коноксуң,

Төрөлүү-өлүү бат болот.


Жүрөккө сакта адамзат,

Быркыратпай дүйнөнү

Кармап турган аялзат!..

Караңгыда жол тапкан,

Капилеттен сөз тапкан,

Кайын журтун даңктанткан,

Төркүн төөсүн мактанткан,

Ар бир үйдө кыз болот,

Андайды көп өстүрдүң,

Мээримин төккөн баарына

Эжеке, мээримиң айтсам түз болот.

Жай өтүп анан күз болот,

Кабыргабыз кайышып,

Эжеке, асылдыгың эстесек,

Аңтарылып жүрөгүм,

Аргасыздан муң толот.

Ак карлуу тоодо бийикте

Кайберен оттойт турбайбы,

Жакыныңды жоготсоң,

Жүрөктү каптайт муң кайгы.

Тизилип турган адамдар,

Көрбөйлү эми мындайды.

Кудайым өзү чектеген,

Жашооңду, ишти, маңдайды.

Дүйнөнүн түмөн калкы бар,

Эң мыкты мурас салты бар,

Кудайым өзү жараткан

Адамзат башаты,

Билип ал, кыргыз калкы ал.

Айтылган кыргыз элинде:

“Өлбөгөн жанга жаз келет”,

Жашоону сүйгөн адамга,

Жүз жыл дагы аз келет.

Акылдуу айым даанышман,

Эжекем, эң кымбат эле биз үчүн.

Токтоо мүнөз, сыйга бай,

Аны сыйлашчу эле эл бүтүн.

Сакайып кетсе экен деп,

Кыз-келин, небере баарысы,

Сак болду карап күнү-түн.

Кудайдан тилеп, түз сурап,

Берчи деп жашоо үлүшүн.

Кагылайын эжеке,

Калганда жашооң, аз күнүң,

Айыгып кетээр бекен деп,

Уколун куюп бекемдеп,

Кан басымың текшерди,

Доктур Такуң, Назгүлүң.

Ыраазы болуп көз ирмеп,

Курчаса да оору-илдет,

Ыраазы болуп коштоштук,

Билгизип жашоо жүрүшүн.

Умтулбай байлык, сөөлөткө,

Жетишип урмат дөөлөткө,

“Балдарым биздин байлык” деп,

Уядан көптү учуруп,

Үлгүлүү жашап өттүңөр,

Жетимиш жылдык мөөнөттө.

Караган көздү чагылтып,

Асканын үстү муз болот,

Капилеттен коштоштуң,

Эжеке, кантип жатаарсың,

Оой, кабырдын түбү сыз болот,

Ой сыз болот…

Өмүргө тойбос шум ажал,

Неге эле мынча ачсыңар?..

Кары дебей, жаш дебей,

Адамга неге кассыңар?..

Оой жездеке, 

Ажалга болуп сиз шерик,

Жай жатса жүрөк жаралуу,

Кайгыны жаңы ачтыңар,

Эң көп элди ыйлатып,

Ээй катыгүн, 

Эми минтеп 

Эжемди жула качтыңар.

Жылмайып үйгө кирчү элең,

Карааның сиздин көрүнбөйт,

Демек, тамаша, таалим курулбайт.


Чымындай жаны чыкканча,

Чынында эжем кыйналды,

Оой, жедигер жээн, жездеке,

Чакырдың беле чыныңды айт?..

Көкөмерен, Каркыра 

Жана да Нарын дайрасы

Ээй арман, Ысык-Көлгө куюлбайт,

Шамал чыкса капыстан,

Ажалдар көктө куюндайт.

Алып кетсе адам өмүрүн,

Жакындын жашы тыйылбайт,

Күйүткө койсоң жеңдирип,

Күнүгө жашооң кыйындайт.

Кыйналат адам баарысы 

Тикенек кирсе, ооруса,

Сактанып кала албайсың,

Күн бүтүп, ажал тооруса,

Бул сапар сактай албадым,

Чылк алтын кайнежемди,

Жүрөктө калды арманым ...

Кабыргам сыздап кайышып,

Көөдөндү каптап муң-ыза.

Сүймөнчүк Сүйүмкан эжемди,

Тоодой Топчубек жездемди,

Баарыбыз жакшы көрчүбүз,

Мээримдүү акыл кебине,

Көп угуп, көңүл бөлчүбүз.

Эжем-жездем үйүнө,

Куттуктап дайым келчүбүз,

Кут орногон үйүндө,

Жетиштүү эле болчу энчибиз.

Кулаган тоолор сыяктуу,

Көкчөлөрдүн көзү өттү,

Мээримдүү Кундуз, Мирланга

Келүү – шарт жана эркибиз!..

Түптөп кеткен очогу, 

Түбөлүктүү бузулбайт.

Сыйнатка келген калың журт,

Сыйын көргөн эжемдин,

Куда-сөөк, тууган, кайын журт,

Бөлүшкөн кайгы, муңуңду айт...

Эстесең жакшы күндөрдү

Эңсетип жүрөк тызылдайт.

Ажал алып кеткен соң,

Асыл кайран эжекем,

Акыл сөзүң угулбайт...

Даанышман жездем Топчубек!

Жума күнү келип кет,

Дабышың сиздин туюлбайт...

Чоң казан элең эжекем,

Устукан алчу аталар,

Айтылып алкыш, баталар

Асылып эт, аш бышкан,

Түптөп кеткен очогуң,

Түйшөлбөгүлө, бузулбайт!

Тооруган ажал адамдын,

Кабырга буту салаңдайт,

Жолугасыз, ал чындык

Арбагында колдошкон, 

Маркумдарга салам айт...

Сиздерге болуп ыраазы,

Издечү элек ылаажы.

Жакшы адамдар негизи,

Мээримдер менен корголот,

Жандүйнөсү тазалар

Барктары бийик, зор болот.

Улуунун уксаң насаатын,

Турмушуңда жол болот.

Татыксыз жашоо өтөсөң,

Ар-намысың кордолот.

Эсил кайран эжекем, 

Атаңдынгөрү кем дүйнө,..

Оңдодуңар далайды

Жүргөндөрдү ойдолоп.

Сый күттүңөр ченемсиз,

Үлгү алсак деп ой болот,

Атаңдынгөрү дүнүйө,

Жүрдүңөр эле экөөңөр

Улгайган жашты боолголоп...

Шум ажал алды эртерээк,

Турганда чөбөрөң эркелеп,

Жоготуп ыйлап жатканда

Кайгыбызды бөлүшүп,

Жоон топ жакын эл келет.

Жашоосу бүтсө жакындын

Жазасы ошол – маркумдун

Жай казып жерге бер демек.

Эсил кайран, эжекем,

Орозонун айында,

Жума күнү коштоштуң,

“Бергиле кабар элге” деп.

Унутпайбыз экөөңдү,

Жыт чыгарып, мал союп,

Байыркы кыргыз курандан

Сиздерге башка не керек!..

Бири өтсө, бири төрөлүп,

Жашоонун өзү тегерек.

Өлбөй эч ким кала албайт...

Экөөңдөй жуптар жаралбайт...

Ой, катыгүн! 

Айтууга оозум бара албайт,

Эжеке, арбагыңда колдоп жүр,

Кайгырып Такуң, жубайым,

Эми сизди эңсеп кимди караандайт?!.


Кубатбек Осмонов, фотожурналист 

24-март 2024-жыл. 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер