Акыркы кабарлар
» Коом » Ат-башыда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар көп
Ат-башыда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар көп
05-декабрь, 16:30
520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ат-Башы районунда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 24кө жеткен. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева маалымдап чыкты.
«24 адам ВИЧ-инфекциясы менен ооруйт. Анын ичинен 14 адам Бишкек шаарында дарыланып жатат. Бирок бизде каттоодо турат. Эгерде муктаж болсо, айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлөт. Биздин райондо 10 күндүк жарыяланып, ооругандарга айыл өкмөттөр тарабынан акчалай жардам көрсөтүлмөй болду. Мындан тышкары, илдеттин алдын алуу боюнча ар кандай иш-чаралар жүрүп жатат» деди Ажар Дүйшөналиева. "Азия Ньюс" гезити