Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустан каза болгон маркумдарды узатууда кооптуу абал жаралууда

Вирустан каза болгон маркумдарды узатууда кооптуу абал жаралууда

17-июль, 13:26
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ВОЗ (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) ушул жылдын март айында COVID-19 илдетинен көз жумгандарды акыркы сапарга узатуунун эрежелерин сунуштаган. Анда уюмдун адистери “коронавирус илдети маркумдун сөөгүнөн башкаларга жугат” деп таккесе айтышпаса да, илдеттин алдын алуу үчүн бир катар санитардык чараларды сактоого чакырышкан.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү боюнча буйругунда каза болгон адамды жайга атайын автоунаа же катафалк менен алып барып, кепиндин сыртынан хлорго чыланган кездеме жана клеёнка менен ороп, диний ишмердин, эң жакын туугандарынын жана эпидемиолог дарыгердин көзөмөлүндө жерге бериши керек. Мындан тышкары, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы март айындагы фатвасына ылайык, маркумдун жаназасы тез арада окулуп, ага катышкандар беткап кийип, сөөктү дароо жерге көмүү менен тарап кетиши керек. Биз ушу боюнча эксперттерге кайрылдык. “Вирустун айынан өлгөндөр арбын болууда. Сөөк коюуда жаназага туруу, элдин көп чогулуусу тыйылган жок. Минтип отурсак апаатты качан жеңебиз?” деген соболго жооп алдык. 

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” фондунун төрагасы:

-- Туура маселени көтөрүп атасыңар. Чынын айтыш керек, бул аты жаман илдет Кыргызстанга кайдан, ким аркылуу келди? Меккеге барып келгендерден тарап кетти. Айрыкча мечит аркылуу тарады. Ошолордун айынан биз ушундай акыбалга туш келдик. Кептин баары ушунда болуп атат. Биз туура эмес иш кылып атабыз. Жакында Дайыр Токобаев деген акебиздин баласы өтүп кетти. Жеңебиз чалды. “Келбей эле койгула. Жашооңорду тобокелге салбагыла. Быяктан өзүбүз эң жакын, аз туугандар менен узатабыз. Кийин жай турмуш келгенде түлөөсүн өткөзөбүз” деди. Мына, ушундай жагдайга өтүшүбүз керек. Жүздөп, миңдеп котологонду токтото турганыбыз оң. Жаназасына турган адамдардын жүздүн ичинен 30-40 адамында симптому жок коронавирус бар. Алар өздөрү да билбейт. Беткап тагынган менен аралыкты сактоо мүмкүн эмес. 

Андан сырткары, учурда той-ашты токтото туруу кажет. “Бишкекте крематорий бар” деп угам. Эгер сөөк ээси макул болсо, жанагы аты жаман илдеттен кайтыш болгон бир тууганын ошол жерге берип, андагы күлдү каалаган көрүстөнгө, каалаган жерине, мүмкүн көзү өтүп кеткен ата-энесинин күмбөзүнүн үстүнө чачып ийсин. Баарыбыз акылга келип, кыйын акыбалдан чогуу, ынтымакта чыгышыбыз керек...

Жаныбек Жанызак, басмакана ээси:

-- Мен мусулман эмесмин, селдебайлардын итиркейлерин келтирбеш үчүн бул суроого жооп берүү мен үчүн эмес. Болгону өкмөткө бир сунушум бар: тез арада крематорий ачып, “өлгөндөрдү өрттөйбүз” дегендерге уруксат берип, алар өлүк менен үйүнөн эле коштошуп, калганын өлүк кызматы ишке ашырышы керек (!) деп эсептейм. Айттым го, селдекелер менин сунуштарыма муктаждыктары жок. Адам бар бу дүйнөдө, адам жок бу дүйнөдө, болду. Кошумчаларды жоготпош үчүн өрттөш керек. Тарыхты барактап көрсөк, чума болгондо адамдардын сөөктөрүн өрттөп жоготушкан. Дагы бир жолу сураныч, менин сөзүмдө селдекелерге бир да сунуш болбошу керек. Эскертүү, албетте. Алар башка дүйнө, мен башка дүйнө. Нейтралитет. Алар менен алыш-беришим жок...

Ишенгүл Болжурова, коомдук ишмер:

-- Албетте, кечээ Кыргызстанга таанымал молдокебизди жерге берип атканын көрүп, аябай коопсуздандым. Канча деген киши туруп, аралыкты бирөө да сактабады. Эми алар үйлөрүнө барышат. Улгайган ата-энелери, жубайлары, балдарына коронавирус жугузушса, ким жооп берет? Же баягы эле өкмөт, саламаттык сактоо министрлиги, доктурлар жооп бериши керекпи? Бул – биринчиси. Экинчиси, 30 жылдан бери 3000ге жакын мечит курулду. А жаңы типтеги заманбап жабдыктар менен ооруканалар салындыбы? Болбоду дегенде бир жылкы түшкөн битирге деле бирден облуска (эгер элди ойлосо) жаңы типтеги оорукана салып, мамлекетке берсе болот эле да? Анда мүмкүн ошол эле дин аалымдары, молдолор дарыланмак да. Аны менен катар эл да ыраазы болмок. Өлүм-житим да аз болот беле?.. Үчүнчүсү, кылымдардан бери келеткан кыргыз элинин улуттук дарылоо ыкмаларын, өзүбүздүн табигый (чөп, мал, суу ж.б.) потенциалды колдонгонго болот эле да. Жөпжөнөкөй “С” витаминин өзүбүз чыгара албайбызбы? Ой, “ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман” болуп жүрөбүз. Арманыбыз аттын башындай эл экенбиз, кайсы бирин айтайын...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер