Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзабек Жапаркулов блогерлик деңгээлден көтөрүлүп, кичине салмактуу болсо...

Мырзабек Жапаркулов блогерлик деңгээлден көтөрүлүп, кичине салмактуу болсо...

03-апрель, 09:00
896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда блогерлер жеңил пиар менен алектенип калганы белгилүү. Коомчулукту улам бир кокуй жүрүштөрү менен тажатып. Ушул жерден кеп оролу келип турат. “Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” деп бекер айтылбаптыр. 

Мамлекеттик курулуш кызматынын директору Мырзабек Жапаркулов Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы мектептин курулушун текшерип барып, баскан-турганын, жумушчуларды урушканын, өзүн кыйын көрсөткөнүн видеого тарттырып, соцтармакка жайылтып атат. Муну кандайча түшүнсө болот? Мамлекеттик кызматкер этиканы сактап, мыйзамда көрсөтүлгөн эреже менен жүрүшү шарт. Жеңил-желпи мүнөз менен ар бир ишин видеого тарттырып, элге таңуулай берсе уят да. Эртелей эскертүү берип койчу “кожо” барбы?.. 

Аныгында, профессионал кадрлар туура кызмат кылганды, ак эмгекти ыроологонду билишет. Мындайды жарыялабаса деле коомчулук баалап алат. Таза, так ишмердүүлүк акыры бааланат эмеспи. Дал ушундай учкай сабактан Мырзабек Жапаркулов жыйынтык чыгарып, кичине салмактуу болсо (!) деген кеңеш. Алдыга жулуна берген далай чиновниктерди көргөнбүз, айланып келип эле аңга түшүп калышчу. Кыргыздар бекеринен “жети өлчөп, бир кесет” деп айтпаса керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер