Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенжебек Бокоев: «Казактар бизге 2 миллион доллар төлөп бериши зарыл»

Кенжебек Бокоев: «Казактар бизге 2 миллион доллар төлөп бериши зарыл»

22-октябрь, 18:30
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Быйыл суу тартыштыгы дыйкандар үчүн көйгөй жаратты. Бул түшүмдүүлүктүн азайышына алып келери анык. Ушул жагынан кантип күрөшөбүз?

-- Дүйнөлүк окумуштуулардын божомолу боюнча суу жылдан жылга азая берет. Суу көбөйбөйт. Буга климаттын өзгөрүшү негизги себеп болууда. Быйылкыдай узак ысык качан болду эле? Мына азыр октябрь айы, бирок дагы деле күн жылуу, жамгыр жаай элек. Ушундан улам сууга жылдан жылга талап өсө бериши мүмкүн. Азыр тоодо мөңгүлөрдөн түшкөн суулардын көлөмү дагы азайып жатат. Бул жылы бир эле Чүйдө эмес, баардык облустарда суу аз болгону аныкталды. Маселен, август айынын башында Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарында суу түгөнүп калган. Киров суу сактагычын өзүм барып август айынын башында көрдүм. Мындай абал акыркы 30 жылда болгон эмес. Сентябрда дагы абал жакшырбай, маселе чечилген жок. Ошондуктан кошуна мамлекеттерге сууну бекер бергенди токтотуу зарыл. Өзүбүздө суу ашып-ташып жатса берип турсак болот, анда да бекер эмес, сатыш керек. Биз болсо дагы деле Орто-Токой, Киров суу сактагычтарындагы сууларыбызды кошуна мамлекеттерге агызып келебиз. Бул чоң ката. Өзүбүздүн дыйкандарга кандай сатсак, казактарга да сууну товар катары акчага сатууга өтүш керек. Таластагы Киров суу сактагычындагы байлыгыбыздын 90 пайызын Казакстанга жөн эле бекер берип жатабыз. Ким ушундай кылат? 

-- Сууну товар катары сатуу маселеси буга чейин деле айтылып келген, бирок чечилбейт, буга саясый эрк жетишпей жатабы?

-- Албетте, биздин мыйзамдарда «Суу – бул товар» деп жазылган. Ошону кошуналарга жеткирип, баасын чыгарыш керек. «Быйыл суунун тартыштыгын, көйгөйдү көрдүңөр, эмдиги жылы биз сууну бере албайбыз, анткени өзүбүзгө жетпей калууда. Тоодон мөңгүлөр баягыдай эрибей атат, эгерде суу артса, акчасына бере алабыз» деген таризде эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүү абзел. Суунун азайып жатканын баары билет. Киров суу сактагычын эмнеге курдук эле? Сууну чогултуп, анан кошуналарга бекер берүү үчүн салдык беле? Бир эле Киров суу сактагычында 2 миң гектар жер сууну чогултуш үчүн иштетилбей бекер жатат. Бул өтө баалуу жер. Ал жерге 550 миллион метр гасуу топтолот. Учурунда ал жерден Эски-Кировка, Бакыян жана Бейшеке деген үч чоң айылдар башка жакка көчүрүлгөн. Аларга компенсация берүү маселеси дагы бар. Казакстан ошол 2 миң гектар жерге суу чогултуп, аларга берип жатканыбыз үчүн эле жылына акча берип турушу керек. Айыл чарбадагы кирешени жоготуу деген термин, түшүнүк бар. 2 миң гектардан албай калган кирешебиз үчүн алар 2 млн. долллар төлөп бериши керек. Таласта фонд түзүлүп, бул кирешелер ошол жакка которулушу шарт. Мындан тышкары, суунун баасын чыгарып, сатканга өтүү зарыл. 

-- Мыйзамда «суу – товар» деп көрсөтүлгөнүн айтып жатасыз, анда эмнеге сатпайбыз?

-- Биздин өкмөт суу маселесинде союз учурундагы келишим менен иш алып барууда. СССР учурундагы келишимдер ушундай болгон. Кошуна мамлекеттерге сууну жөн эле агызып берип келгенбиз. Антейин десек, азыр деле ушул көрүнүш уланып жатат. Эгемендүү мамлекет болсок деле өзүбүздөн чыккан сууга акы сурай албай, бекер таратып келебиз. Мында бир эле Казакстан эмес башка кошуна мамлекеттер дагы бар. Биздин бийликке сууну сатканга саясый эрк, чечкиндүүлүк жетишпей жатат. Биз алардан чыккан товарларды сатып алабыз, алар биздикин бекер алат. Бул туура эмес. Сууну өзүбүздөн артса гана берип, ал үчүн акчасын төлөтүп алыш керек. Суунун тартыштыгынын экинчи жагы күндүн өтө ысып кетишинен болууда. Бул дыйкандарга терс таасирин тийгизди. Мисалы, ушул жылы төөбурчакта жаңы оорулар пайда болду. Курт басып кетти, бул биринчи жолу болгондуктан, аны кандай дарылоону билбей, көптөр чыгашага учурашты. Күтүлгөндөй үрөн жыйнай албай калышты. Бул боюнча айыл чарба министрлиги, ал жактагы окумуштуулар учурунда элге консультация бере албай коюшту. Жакшы түшүм алгандар болду, ошол эле учурда өзүн өзү актабай калгандар дагы бар. Анткени күйүүчү майлардын баасы кымбат, техниканын тейлөө акысы жогорулады. Сууну үнөмдөөнүн дагы бир жолу – сугат системасынын жаңы ыкмаларын колдонуу. Бул ошол эле тамчылатып сугаруу, ирригация. Буга жетиш үчүн «Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду» аркылуу насосторду, техникаларды алып келип, фермерлерге 10 жылдык мөөнөт менен лизингге бериш керек. Биз ЕАЭБге киргенде 500 миллион доллары менен «Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун» эмне үчүн түздүк? Ушул биздин реалдуу секторду, айыл чарбаны көтөрүп, алдыга жылдырыш үчүн да. Фонддогу акчаларды ушундай максаттуу нерселерге жумшоо зарыл. Мында өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү эки эсеге көп болот. Анткени бир тамчы суу сыртка агып кетпейт, бир метр квадрат дагы сугарылбай калбайт. Ал 100 пайыз сапаттуу, үнөмдүү сугарууга алып келет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер