Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саида Мирзиёева жаңы кызматка дайындалды

Саида Мирзиёева жаңы кызматка дайындалды

15-ноябрь, 13:03
346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны президенттик аппараттын коммуникациялар жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Жаңы түзүлгөн бул бөлүм маалыматтык саясат жана коомдук пикирди изилдөө менен алектенет. Мындан тышкары, маданият, билим берүү жана социалдык тармактардагы реформалардын жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Өзбек лидеринин улуу кызы Саида Мирзиёева 2019-2022-жылдар аралыгында президенттик администрацияга караштуу маалымат жана массалык коммуникациялар боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. 2022-жылдан тарта улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинин төрага орун басары кызматында иштей баштаган.

2021-жылы ноябрда Өзбекстандын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган туугандардын тизмесин кеңейткен мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер тууганы менен бир мекемеде иштеп жатканын билгенден кийин 10 күндүн ичинде ал тууралуу жетекчилигине маалымат бериши керек болот. Бул талапты аткарбаган кызматкерлер үчүн 375-500 доллар өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер кызматкер бул тууралуу маалымат бергенден кийин жетекчилик алардын бирөөнү башка кызматка которуу боюнча чараларды көрбөсө, ал 600-750 доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер