Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус инфекциясынан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу табылды

Коронавирус инфекциясынан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу табылды

27-октябрь, 18:32
707 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиялык дарыгер-отоларинголог Абдулло Ходжаев коронавирус инфекциясынан кийин жыт сезүүнү калыбына келтирүүнүн жолу тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

Бул үчүн адис мурундун ичиндеги нерв учтарына абанын жетип турушун камсыздоо керектигин айткан.

“Кан тамырларды ичкертүүгө жардам берген препараттарды, тамчылатмаларды колдонуп, мурун көңдөйүн жууп туруу керек. Деңиз тузунун аралашмасын үйдөн деле жасаса болот. Ошондой эле бөлмөдө абанын нымдашып турганы дагы жардам берет” дейт адис.

Ошондой эле Ходжаев нерв клеткаларын калыбына келтирүү үчүн В тобундагы витаминдерди жана поливитаминдерди ичүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, туура тамактанып, сууну көп ичип, никотин менен алкоголдон баш тартуу зарылдыгы айтылды.

“Спутник-Кыргызстан”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер