Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакытбек Карачев: “Мээси, жүлүнү ачылып калган балдарды дарылайбыз”

Бакытбек Карачев: “Мээси, жүлүнү ачылып калган балдарды дарылайбыз”

20-сентябрь, 21:42
1 158 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тубаса кемтик менен төрөлүү Кыргызстанда жыл сайын өсүп жатат. Өлкөдө жылына 158 минден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, анын үч миңден ашыгы тубаса кемтик менен төрөлөт экен. Эң коркунучтуусу – анэнцефалия, баш мээнин жок болушу. Анан жүлүн каналындагы кемтик. Нерв системасынын оорулары. Жүрөк кемтиктери, бет, жаак, сөөк кемтиктери бар... Баланын тубаса кемтигинин кесепетинин эң коркунучтуусу өлүм болсо, экинчиси, майып балдардын көбөйүшү. Анан албетте, ата-энеге түшкөн түйшүк, мамлекетке келген экономикалык чыгым өңдүү жыйынтыктары турат. Оорулуу балдардын көп төрөлүшүнүн себептери ар түрдүү. “Муну кантип алдын алсак болот? деген суроого жооп издеп нейрохирург, медицина илимдеринин кандидаты Бакытбек Карачевге кайрылдык.  

-- Тубаса оорулуу балдарды дарылап келесиз, бул кесипти аркалаганыңызга канча жылдын жүзү болду?

-- Мен медициналык институтту 1993-жылы аяктап, эмгек жолумду борбор калаабыздагы №3 балдар ооруканасында иштөө менен баштагам. Ал ишимди улантып 2007-жылдан бери бул жердемин. Бул бөлүмгө абдан оор абалдагы тубаса оору балдар түшөт. Алардын айрымдарынын жүлүнү ачылып калган, чыгып калган... Кыргызда “чурку” деп коёт. Жүлүн чуркусу, мээ чуркусу менен тубаса оору балдар көп түшөт. Андан тышкары, мээнин канчаларына суу толуп кеткен балдар бар. Бул балдардын оорусу тубаса оорулар. Анткени курсакта жатканда ата-эненин өздөрү чакырып алган илдеттер. Биринчиден, ата-энедеги түрдүү оорулар,  адамдын иммунитетти төмөндөгөндө, андан тышкары, бала түйүлдүк болуп түйүлүп жаткан мезгилде сасык тумоо менен же вирустук жактан бериле турган оорулар менен энеси ооруган. Жөн эле шамалдап ооруп калгандан деле түйүлдөккө терс таасири тийиши мүмкүн. Азыр эл арасында мындай оорулар менен балдар аябай көп төрөлүүдө. Мунун себеби бир жагынан социалдык фактор болсо, бир жагынан ата-энелер балалуу болорунда текшерилбей, өздөрүнүн ден соолугуна кайдыгер карагандыктан, бейкүнөө ушундай ымыркайлар көбөйүүдө.  Энелер кош бойлуу учурунда кошумча тамактарга кошуп фолиевая кислота ж.б. дарылардын түрүн ичишет. Муну баш кошо электен үч ай мурун ичип баштоолору керек. “Таза, чың ден соолуктагы балалуу бололу” деген максаттарды коюшуп, баарын алдын ала ойлонуш керек. Азыркы жаштар баладан мурун тиричиликти, кантип буттан турууну ойлошот.

-- Мурун ар бир үй-бүлөдө он, ондон ашык балдар төрөлчү. Бирок мындай оорулар абдан аз эле. Азыр көйгөй курчуп баратат...

-- Дайыма биринчи балалуу болгондон кийин “ортодон үч жылдай аралык сактоо керек” деп гинекологдор энелерге эскертишет. Бир жагынан заман да бузулду, адамдар да бузулду. Мурун жаштарбы, улуулар болобу, абийирин, аброюн жакшы сактаган. Тарбиялуу, уяттуу болушкан. Көп учурда инфекция жыныстык жактан жугуп, жугуштуу ар кандай венерикалык оорулардын айынан да мындай түрдүү илдет менен төрөлгөн наристелер көбөйүүдө. Ичкилик ичип, баңгизат колдонуп жүргөндөрдөн да оорулуу балдар төрөлөт.

 -- Бул балдардын келечеги кандай?

-Операция жасоо менен балдарды айыктырганга аракет кылып жатабыз. Көпчүлүк мезгилде он баланын бири катуу кыйналып калбаса, 8-9у жакшы болуп чыгып кетет.

-Ата-энелерге айтар кандай кеңештериңиз бар?

-Ар бирибизде бала бар. Ал баланын жаштайынан ден соолугуна кам көрүү керек. Жаштар бир сыйра ден соолуктарын чыңдоо менен баш кошуп, анан балалуу болуулары керек. Алдын ала иче турган кошумча витаминдер бар. Башка нерсеге эмес, өз ден соолуктарына кайдыгер кароонун кесепетинен ата-эне да, бала да кыйналып калууда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер