Россияда көмүлүп калган кыргыз аялдын сөөгү табылды
Москвада жарым жыл мурун дайынсыз жоголгон кыргызстандык 57 жаштагы аялдын сөөгү табылды.
Ноябрдын акырында Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 36 жаштагы кыргызстандык аял кайрылып, ушул жылдын апрелинен баштап дайынсыз жоголгон апасын таап берүүгө жардам сураган. Кызынын айтымында, өз алдынча издеп, эч жыйынтык чыккан эмес.
Москвада дайынсыз жоголгон аял Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун тургуну экен. Ал Москвадагы дүкөндөрдүн биринде пол жууп иштеген. Териштирүү маалында 28-мартта Москванын Бирюлево районунда белгисиз аялдын сөөгү табылганы, кийин өлүкканадан алынып мамлекеттин эсебинин көмүлгөнү анык болду. Аялдын денесинде эч кандай зомбулуктун изи табылган эмес.
Жакында маркум аялдын туугандарына жүк-200дү жөнөтүү жана эксгумациялоо үчүн керектүү документтер берилди.