Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан ички-тышкы күчтөрдүн бутасында калды. Айла табалы!

Кыргызстан ички-тышкы күчтөрдүн бутасында калды. Айла табалы!

29-июнь, 13:49
2 241 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Клоунду президент кылып алган Украина АКШнын башкаруусунда калып, Гитлер менен Бандераны улуттук баатырына айлантып алышты. Адамдарды туураган маймыл сыяктуу президентти туураган клоун саясат-геосаясатты таптакыр түшүнбөгөн неме экен, чоң трагедияга алып келгени калды. Эки облусунда жүрүп жаткан согушту токтоткондун ордуна НАТОнун армиясын алып келип Белоруссия-Россия менен тирешүүгө өттү. Анын “көкмээлигин” пайдаланган АКШ Украинаны каалагандай башкарып, согушка даярдык көрүүдө. Эки чоң державанын тирешүүсүнөн эң биринчи Украина жабыркап каларын жеңил ойлуу неме түшүнбөйт көрүнөт. Мындай түшүнбөстүк, мындай жеңил ойлуулук 30 жыл мурда Кыргызстанда да болгон. АКШнын жетегинде калган Кыргызстанды аялынын жетегинде жүргөн Аскар Акаев башкарып, мамлекетти талкалай баштаган. Клоундан эч айырмасы жок эки кыргыз – биринчиси жазуучу Чыңгыз Айтматов, экинчиси анын чөнтөк президенти Аскар Акаев СССРдин таркап кетишинде чоң роль ойношкон. СССРдеги кайра куруунун башында турган М.С.Горбачёвдун советниги болуп алган жазуучу Чыңгыз Айтматов советтик системадан, коммунисттик партиядан атасынын өчүн алууну көздөгөн. Өзүнүн чөнтөк президенти Акаев менен СССРге каршы чыгышып, Прибалтикадагы Литва, Латвия, Эстония сыяктуу Кыргызстанды бөлүп кетишкен. Эгерде мындай бузукулар болбогондо, СССР мамлекети калган республикалар менен жашоосун уланта берип, бүгүнкү АКШ менен Кытайдан ашып түшкөн күчтүү держава болмок. 

Бирок өзүнчө калган Россия коммунисттик система менен өнүккөндүктөн кайрадан бутуна туруп, кайрадан күчтүү державага айланды. Эң кызыгы, коммунисттик система өсүп-өнүгүүнүн эң мыкты жолу экенин Кытай өлкөсү көрсөтсө, Россия бир эмес эки жолу көрсөттү. Бул системаны түзүп чыккан улуу жолбашчы В.И.Ленин илим-билимдүү гений адам болгондуктан өсүп-өнүгүүнүн эң мыкты жолу катары социалисттик системаны негиздеген. Бул система кыргыз элинин улуттук идеологиясын толугу менен камтып, кыргыз мамлекетин, элин эң жогорку деңгээлдеги цивилизацияга жеткирди. Бирок “адамды кылган ишинен бил” дегендей, эл душмандарынын жана кыргыз президенттеринин келесоолугу мамлекетти жок болуу абалына алып келди. 

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келиши менен 30 жылдан берки аткарылбаган саясый-экономикалык реформалар ишке аша баштады. Биринчи күндөн баштап тактикалык туура кадамдар жасалып, эл алдында айтылган коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Бирок жаңы бийлик алдыга, эски бийлик артка тартып, коррупцияга каршы күрөш итжыгылыш абалда. Анткени бийлик бутактарында кала берген Сокенин мафиясы күнөөнүн баарын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановго үйүшүп, өздөрү жазага тартылбай кутулуп кетүү аракетин көрүшүүдө. Анүстүнө Ө.Бабанов президенттик шайлоодо эң күчтүү талапкер болуп Сокенин А.Атамбаевден кийинки экинчи душманына айланган. Ошентип ака-үка Жээнбековдордун кылмыштуу иштери үчүн башкалар камалышы керекпи? Коррупция-мафия менен итжыгылыш болуп жаткан Кыргызстанга үч чоң держава көз салып турушса, андан кийин НАТО өлкөлөрү, Түркия, Арабия болуп, аягында тажиктер менен талибандар да жүрүшөт. Баарынын кызыкчылыктары бар экени белгилүү. Президент Садыр Жапаров менен УКМКтөрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияны жок кылгысы келсе Кытайдын мыйзамдарын колдонуулары керек. Бул, Кыргызстандагы коррупция – мафия – уурулукту Кытайдын кунг-фусу менен токтотконго барабар. Эгер камап, сүйрөп, “кустуруп”, анан айкөлдүгүн көрсөтүшсө, болгону саясый шоуга айланат. Бирок, артка кетүүгө жол жок экенин кыргыз саясатчылары жакшы билишет. 

Кумтөр алтынын казып жаткан кыргыздар Жерүй алтынын да өздөрү казып, Кыргызстанга бир пайыз үлүш калтырбаган аферисттерди УКМКнын абагына камаш керек. Кыргызстандын баардык тармактары мышык ыйларлык абалга жеткендиктен, тез жана ыкчам реформаларга муктаж. Ар бир тармак боюнча мамлекеттик комиссиялар түзүлүп, президент Садыр Жапаровго отчет берип туруулары зарыл. Жакында болуп өткөн сот системасындагы реформа бир соттун бир сааттык доклады менен башталып, бир соттун мастыгын көрсөтүү менен аяктады. Мындай показуханы Сокенин соттору президент С.Жапаровго атайын сюрприз катары көрсөтүштү. Мас сотко чара көрбөй жүрө берген соттор буга чейин эшек такалап жүрүшкөнбү? Бул окуя жалпы сот системасы чирип бүткөнүн айтып турат. Кеч болуп кала электе кыргыз мамлекетин оңдоп-түзөп, өнүгүү жолуна салуу – ар бир кыргыздын милдети. Мурда АКШ баш болгон капиталисттер акырындык менен чачыратып жок кылып келишсе, бүгүн ачык эле басып киргенге даяр. Анүстүнө 30 жылдан бери баардык “обработкалардан” өтүп, далай эксперименттер жүргүзүлгөн даяр регионго айландык. 

Жогоруда айтылган Украина, Белоруссияда эки державанын (АКШ–Россия) тирешүүсү болуп жатса, Кыргызстанда Кытайдын кызыкчылыгы кошулуп үч державанын тирешүүсү бар. Россия–Кытай Кыргызстанга коркунуч жаратпаганы менен АКШ баш болгон НАТО армиясы Афганистандан кетип, Борбор Азияны көздөп турушат. Анын ичинен “аксак койду бөрү аңдыйт” болуп, эң ылайыктуусу Кыргызстан экени талашсыз. Ошондуктан, 30 жылдан бери талкаланып келген Кыргызстанды тезинен калыбына келтириш үчүн стабилдүүлүк керек болууда. Россия президенти В.Путин аркылуу кыргыз-тажик чек арасы орустар менен бирдикте кайтарылса, ички реформаларды жүргүзсө болот. Кыргызстанга кол салган Э.Рахмонго доллар берип, талибандарга, террорист-экстремисттерге коридор ачып берүүсүн сураса, чек ара чыры кайталанышы мүмкүн. Чек арада кыргыз-орус аскерлери турушса, НАТО эмес шайтаны да келе албасы белгилүү. Бийлик, байлык, акчанын артынан түшкөн кыргыз генералдары Кыргызстандын коопсуздугун камсыздай алышабы? 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер