Акыркы кабарлар
» Саясат » Чүйдөн жалкып калган Дамирбек Исаков Ош ШИИБден баш көтөрө албай жатыптыр
Чүйдөн жалкып калган Дамирбек Исаков Ош ШИИБден баш көтөрө албай жатыптыр
01-май, 09:00

Чүй ОИИБни жетектей албай, улам сөгүш алып, ишпалдасы чыгуу менен Ош ШИИБ начальнигине которулуп кеткен Дамирбек Исаковдун “даңканы” деле чыкпайт. Коллективге жаман көрүнбөөнүн амалын жасап, ишемби, жекшемби күндөрүнө “эс алуу” жарыялаганы талкууга алынууда. Милиция кылмыш ачуу үчүн демалыш күндү карабайт да. Логикага сыябы? Көрсө, Дамирбек Исаков Чүй ОИИБнин өздүк курамын башкара албай, кол алдындагы айрым жетекчилер менен кер-мур айтышып, жүрөгү үшүп калса керек. Сары Өзөндөн жалкып кетсе, анан Оштон таза эле баш көтөрө албай калганыбы? Кызык. Качан иштейт? Ачылбай жаткан оор кылмыштарды санабай эле коёлу. Айтор, артыңда леди колдоочуң болсо, танка мингениң ошол беле?..
"Азия Ньюс" гезити