Темирлан Султанбековдун саясаттагы кел-кели жакындап калды

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Батыш саясый алкагынан да тажрыйба алып, жер кыдырып, өзгөчө жүрүш жасоодо. Соңку кезде бийликти сындаганы, эл менен ичкериден алака түзө алганы, өзгөчө канкор Курманбек Бакиевге каршы чыкканы менен көпчүлүктүн назарына алынууда. Бул жааттан чыныгы “апрелчилер” да катуу сүрөшүп, үмүт жаралгандай. 2010-жылдагы уурдалган революцияны Темирлан элге кайтарабы? Жаштардын жаңы демилгечиси катары лидерлигин жогорку деңгээлде көрсөтүп, көмүскөдөн көптөгөн саясый күчтөрдүн алкоосуна алына баштаптыр. Испаниядан Алмазбек Атамбаев моралдык, каржылык колдоосун көрсөтүп турса, келечекте топ жарабы? Биздин баамыбызда, “социал-демократтар” алдыдагы чоң аламандарга кызуу даярданууда. Элдин маанайын бурууга үлкөн аракеттерди көрүп жатышканы да жөн жерден эмес. Кыскасы, Темирлан Султанбековдун саясаттагы кел-кели жакындап калды. Буттан чалып коюшпайбы?
"Азия Ньюс" гезити