Акыркы кабарлар
» Саясат » Роза Отунбаева: “Коррупция коронавирустан да коркунучтуу”
Роза Отунбаева: “Коррупция коронавирустан да коркунучтуу”
12-февраль, 20:01

Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаев иликтеп кеткен иштер жаш журналисттерге үлгү боло турганын белгилеп, жаш журналисттерди Эгизбаевдин ишин улантууга чакырды. Мындан тышкары, экс-президент коррупция менен күрөшүү өтө оор экенин белгилеп, коррупция азыркы тарап жаткан коронавирустан да коркунучтуу экенин айтты.
Aryba.kg