Чыныбай Турсунбеков акыры Мелис Аспековду каматып тынабы?
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков активист Мелис Аспековдун үстүнөн күч органдарына арыз жазган. “Мени шантаж кылып, коркутуп, акча сурап атат” деген мааниде.
Айрым маалыматтар боюнча, Чыныбай Турсунбеков органдарга даттануу арызы менен кайрылса да, буга чейин көңүл бурулбай келгенине нааразы экен. Эгер мындай көрүнүш уланса, депутат коомдук пикир жаратуучу чараларды көрөрүн айтыптыр. Натыйжада, жазылган арыздын негизинде жана ашыкча чууну алдына алуу үчүн Аспековду камаган жатышабы? Сыягы, Чыке катуу көшөрүп алгандай. “Күч органдары арызымды карабай атышат” деген мааниде ООНго чейин даттанабы? Бул жагынан Аспеков деле жөн жатпаса керек... Буга чейин ал да Турсунбековго карата материалдарды көтөрүп чыккан... Сыягы, экөөнүн тиреши эми күчөйт го?..
Aryba.kg