Акыркы кабарлар
» Коом » Жалолиддин Нурбаев, ЖК депутаты: “Алымкадыр Бейшеналиев реформаларды жакшы эле баштаган”
Жалолиддин Нурбаев, ЖК депутаты: “Алымкадыр Бейшеналиев реформаларды жакшы эле баштаган”
19-сентябрь, 09:00
517 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Жалолиддин мырза, акыркы эле кезде бир топ министрлер алмашты. Ушуга байланыштуу өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?
-- Анча-мына кемчиликтер бар. Ошол кемчиликтер болгон үчүн, аларды оңдосун деп президентибиз ушундай кадамга барды. Эми жаңы дайындалып жаткан министрлерге ийгилик каалайбыз. Өзүңүздөр билесиздер, мына окуу китептери боюнча бир топ көйгөйлөр чыкты. Саламаттык сактоо тармагында да бир топ мүчүлүштүктөр бар. Ошондуктан реформадарды тездетпесек, көйгөйлөр чыга берет. Реформаны ишке ашырууга биз дагы жардам беришибиз керек.
-- Бүгүн талапкерлиги сунушталгандардын айрымдары бул тармакты мурда деле жетектешкен. Ошолор эми кандай реформа жүргүзүшү мүмкүн?
-- Сиз Алымкадыр Савирдинович тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ал киши реформаны жакшы эле баштаган. Ырас, кээ бир кемчиликтери да бардыр. Ушул убактын ичинде өзү деле ойлонуп көргөндүр, эми реформаларды колго алат деген ойдомун."Азия Ньюс" гезити