Күйөөм кызгана берип, мени башка бирөөнүн кучагына түрттү...
Күйөөм өтө эле кызганчаак. Бүт жактан көзөмөлдөп, телефонду күндө он жолудан текшерет. Кайра-кайра ким чалганын, жазганын аңдып отурат. Ага жакпаган курбуларым менен жолуктурбайт. Ушунун айынан көп адамдардан дагы чыгып калдым. Турмуш курганыбызга эки жыл болду, ортодо бир балабыз бар. Ортодо ишенич болбосо, мындан ары кандай жашоо болот? Урушуп кеткенде кол да көтөрүп коёт. Мындай адамдар өзгөрөбү же өзгөрбөйбү? Көпкө ойлондум. Кийинки жашоомду элестеттим... Акыры ажырашууга арыз жазып, “жашабайм” деп кетип калгам. Кечирим сурап келип атат, “бүттү, баары башкача болот, өзгөрөм” дейт. Чындап өзгөрөбү, же кайра бармагымды тиштеймби?
Ушундай күндөрдүн биринде бир кечеге барып, үйгө жеткизип келген жигит менен кичине машинада сүйлөшүп отургам. Анын акырын сылаган колдору, мойнумдан жыттаганы делебемди козгоп, өзүмдү таштап салдым да. Көптөн бери эркек жытын искебегенге мен да “макул” болдум. Эргүү менен кошулуп, кыскасы, күйөөмдүн кызганганы үчүн “өч” алдым окшойт...