Эс алуу жайдагы отургучтарды талкалап кеткендер изделүүдө
Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардагы отургучтарды талкалап, сындыргандарды милиция издөөгө алды.
Кечээ, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (Политех) жанындагы эс алуучу жайларга коюлган атайын отургучтарды кимдир-бирөөлөр атайын талкалап кетишкен.
Отургучтар абдан оор болгонун айтышат Бишкек мэриясынан. Бир отургучту көтөрүү үчүн бир топ адамдын күчү керек дейт. Ал эми шамалдан же жөн эле отургучтар жыгылып калышы мүмкүн эмес экенин белгилешет. Себеби, отургучтар абдан катуу буроолор менен бекитилгендиктен отургучту жылдыруу да мүмкүн эмес. Тилекке каршы, отургучтарды атайын бир нече киши келип, буроолорун жулуп, талкалап кетишкен. Аны кимдер жасашы мүмкүн?
Эскерте кетсек, мындан эки жыл мурун Бишкек шаарындагы “Бишкек мен сени сүйөм” деген жазууну талкалап кеткен жигит кармалып, ага 90 миң сомго чукул айыппул салынып, жоопко тартылган эле.
Ал эми "бул отургучтарды сындыргандар деле тез эле кармалат" дешет социалдык желенин колдонуучулары.