Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Госрегистрге шайлоочуларымдын укугун коргоп барып, кечирим сурап калдым”

Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Госрегистрге шайлоочуларымдын укугун коргоп барып, кечирим сурап калдым”

16-март, 19:10
10 269 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрулан мырза, социалдык тармактарда сизди “кадастр кызматына келип, имараттын күзөт кызматында иштегендер менен орой түрдө сүйлөштү” деген маанидеги пикирлер айтылды. Сиз өзүңүз бул боюнча эмне дейсиз? 

-- Мага шайлоочуларыман жашыл китепти кызыл китепке которуу боюнча суроолор келип түшкөн болчу. Маршрутка менен барытып, госрегистрге жеткенде шайлоочумдун ошол өтүнүчүн эстеп, түшө калып атпаймынбы. Имаратка кирип эле кире бериште отурган киши менен учурашып, “410-кабинетке кантип көтөрүлөм?” десем, ал “чалыш керек” деди. Мен чынын айтканда түшүнгөн жокмун. “Алар тиякта отурса, мен кантип чалам?” деп сурасам, “кантип чаларыңды билбейм, бирок жогору жактан айтмайынча мен силерди киргизбейм” деди. Өзүмдү тааныштырып, депутат экенимди айттым. “Каяктан болсоң дагы өйдөдөн айтмайынча мен сени киргизбейм” деди. “Анда кечирип коюңуз, эгер сиз мыйзамды билбесеңиз, мен өзүм кире берем” деп эшикти ачып, кирейин деп атканымда будкасынан чуркап чыкты да, мени сүзүп эле түртүп салды. Ошол жерден менин жиним келип кетти. Бул адамды шылдыңдагандык да! Көрсө, будканын жанында эки телефон бар экен. Ошол телефон менен чалып, сүйлөшөт экенсиң. Башында эле “мобу телефон менен чаласың” деп түшүндүрүп койсо, чалмакмын да. Ал учурда эмне үчүн жиним келип, эмоционалдуу сүйлөшүп аттым? Мени менин сүйлөшүп атканда дагы эки эже келди эле аларды да ошондой эле орой мамиле кылып, айдап ийди. Ал адамдар келгендерге жардам берип, кызмат өтөп аткан киши менен иш боюнча келген кишинин ортосунда көпүрө болуш керек эле да. Кызматка ошон үчүн коюлган. Экинчиден, алардын документи болушу зарыл. Ал кишинин ким экени билгисиз, документи жок экен. Бейжикти өзү жазып алыптыр, этегине коюлган кол кимдики экени белгисиз. Мындай адамдар мамлекеттик мекемелерде гана эмес, жеке менчик ишканаларда да болбошу керек.

-- Жетекчилиги менен байланыша алдыңызбы?

-- Директору жок экен, мага орун басары чыкты. “Бул кишилерге мен эчтеке дей албайм, бул кадастр менен түзүлгөн келишим” дейт. Мындайча айтканда, коопсуздук кызматында иштегендер залдагы ар кандай адамды түртүп чыгарып салышса, директордун орун басары эчтеке дей албайт экен. Элестетип көрсөңүз ошондой кырдаалды. Адам катары алганда деле бул туура эмес нерсе да. Кечээ ошол видео тарап кеткенден кийин социалдык тармактардан ар кандай комментарийлер айтылды. Мени “эмне үчүн спортивкачан жүрөт? Эмнеге колун чөнтөгүнө салып алган?” деп сындашты. Видеону карап чыксаңыздар, мен бирөөгө да “сен” деп кайрылган жокмун, баарына “сиз” деп кайрылып аттым. Мен жактан этика бузулган жок. Себеби, өзүмдүн ким экенимди, кайсы жерде иштеримди жакшы түшүнөм. Бирок ошого карабастан, кечирим сурайм. Көчөдө эл катары кийинип жүргөнүм, колумду чөнтөгүмө салган адатым, мыйзамдуулукту талап кылганым, дегеле ошол жерге шайлоочумдун талабын коргоп барганым үчүн кечирим сурайм... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер