Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч органдын кылмыш иштерине байланган Рыскелди Момбековдун жүрөгүн сактайлы!

Үч органдын кылмыш иштерине байланган Рыскелди Момбековдун жүрөгүн сактайлы!

08-октябрь, 13:36
1 442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Уйкаштыкты урдурган депутат Рыскелди Момбековго үч орган тарабынан кылмыш иштери козголгон – УКМК, ИИМ жана башкы прокуратура тарабынан. Андан сырткары “калбырлуу” Бакыт Шаршембиев аттуу “маслократ” менен көптөн бери соттошуп келет. Негизи Момбековдун жүрөгү сыгылып эле жүрөт, канчалаган саясый оор сыноолорду, түйшүктөрдү баштан кечирүүдө? Түпкүлүгүндө тилинин азабын тартып атат. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген философиялык накыл кепти эрксизден эстейбиз. Коомчулукка өз чындыгын айтып, бакылдап турган адамды бийлик кодулабай, тескерисинче, дос кылыш керек. Ичинде кири жок адам баарын сыртка төгүп салат эмеспи. Ал эми ыңгайды күтүп, миллиондорун басып жаткан байлар Акүй үчүн коркунучтуу. Андыктан, Рыскелди Момбековдун жүрөгүн оорутпай (мындайда жүз грамм ичсе да жардам бербейт), баатыр мүнөз уулубузга этият мамиле кылалы. Эртең өлүп калса ким жооп берет? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер