Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Аляева: “Пандемия учурунда миңдеген адамдар коркуу сезиминен каза болушту”

Динара Аляева: “Пандемия учурунда миңдеген адамдар коркуу сезиминен каза болушту”

23-август, 13:45
644 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи балдар хосписинин ж.б. бир топ уюмдардын негиздөөчүсү Динара Аляева пандемия учурундагы азап-тозоктор, оорунун алдын алуу тууралуу пикирин сунуштады.

“Түн жарымга жакын Жанара дааратканага барыптыр, ал жерге чейин беш эле кадам экен. Бирок, анын абалында ошол беш кадамды жасаш да тозок эле. Деми абдан кыстыгып, аба жетишпей турган. Ошондой абалда кычкылтек концентраторун чечиш керек болчу, аны чечип коюптур. Дааратканага жетип, эс-учун жоготуп жыгылыптыр. Медайымдар келгиче ал жерде канча жатканын ким билсин?.. Алар Жанараны палатага алып келип, аппаратка кошушканда сатурациясы 35ке чейин түшүп калыптыр. Палаталашынын айтканына караганда, Жанара кыйналып, абалы начарлап, оозу көгөрүп, деми кыстыгып баштаптыр. Ошондо тиги кошунасы медайымдарды кайра чакырыптыр. Алар Жанараны реанимацияга алып кетишет. Андан кийин беш мүнөт өтпөй эле аялымдын каза тапканын айтышатКөрсө, реанимацияга жетпей калыптыр...”.

Бүгүн саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун аялы кантип каза болгону тууралуу маегин окуп чыктым. 

Өкүнүчтүүсү, пандемия учурунда миңдеген адамдар жалгыздыктан, коркуу сезиминен жана азаптан каза болушту. Бул баардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн сабак болушу керек. Узак убакыттан бери медицина – саясый убадалардын жана үмүттөрдөн ишке ашкан сыноо полигону болуп келген. Бул макала дагы бир жолу табигый кырсыктар жана эпидемия учурунда паллиативдик жардам жөнүндө ойлонууга түрттү. 

Вирустун жайылышын басаңдатууга жана медициналык кызматкерлерди коргоого багытталган оорукананын тоскоолдуктары паллиативдик жардамдын күчтүү кызматтары бар өлкөлөрдө бейтаптарга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды жараткан. Кыйынчылыктарга карабастан, көптөгөн өлкөлөрдөгү паллиативдик кызматтар коронавирустун оор кырдаалына тез арада көнүп кетишти. 

Өлүп бараткан адам үчүн эң маанилүү нерсе – жакындары жана туугандары менен бирге болуу. Санарип мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында, COVID-19 оорусунан көз жумган көптөгөн бейтаптар туугандары менен кош айтышып, акыркы мүнөткө чейин алар менен байланышта болушту. Кызыл зонанын кызматкерлери, паллиативдик жардам боюнча адистер, психологдор менен биргеликте ушул учурдун маанилүүлүгүн түшүнүп, өлүм алдында жаткан бейтаптарды үй-бүлөлөрү менен байланыштыра алган.

Жамандыкты алдын ала билүү, куткаруу жана үмүт өчүп-жанып турат. Биз дарыгерлердин муктаждыктарын көптөн бери көңүлгө албай келатабыз. Чек арадагы жоокер үчүн курал зарыл сыяктуу эле, ар бир ооруканада да керектүү жабдыктар, стратегиялык резерв болушу зарыл. Бул мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу. Алардын жоктугу дарыгерлердин дарт жугузушуна, бейтаптарга тийиштүү кам көрүлбөшүнө таасир этет.

Дүйнөлүк COVID-19 пандемиясы жашоого, өлүмгө жана медицинага болгон мамилебизди өзгөрттү. Азыр Кыргызстанда паллиативдик жардамга көңүл буруп, ушул теманы КММАнын студенттерине тез арада киргизүүгө кеч эмес. Күзүндө же кышында эмне күтүп турганы белгисиз. COVID-19 натыйжасында дагы канчалаган бейтаптар каза болушат? Дагы кандай көйгөйлөргө кабылабыз? Бул үчүн биз азыр аракет кылышыбыз керек. Ооруканалар реалдуу убакытта өзгөрүүлөрдү жасашып, тоскоолдуктарды жеңип, билимди жайылтуу үчүн инновациялык стратегия жөнүндө ойлонушубуз шарт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер