Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тайгак жолдон эки маршруттук унаа кагышып, жүргүнчүлөр жабыркады

Тайгак жолдон эки маршруттук унаа кагышып, жүргүнчүлөр жабыркады

23-декабрь, 12:10
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады. 

Кечээ, 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө  жол кырсыгы катталган. Эки кичи автобус тең түндүк тарапка бараткан.

Кырсыктын кесепетинен ооруканага алты киши кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Эсерте кетсек, акыркы эки-үч күндөн берки катуу жааган кардан кийин борбор калаанын жолдоруна 213 тонна техникалык туз себилгенин Бишкек мэриясынан билдиришти.

Шаардын көчөлөрүн тазалоого 700 көчө шыпыргыч чыккан. Жол-эксплуатациялык бөлүмдүн 38 атайын техникасы тартылган.

Мындан тышкары, мэрия автоунаасын жол жээгине туура эмес токтоткон айдоочуларга кайрылып, машиналар техниканын иштөөсүнө жолтоо болуп жатканын белгиледи.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер болсо, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Ошондой эле күнү-түнү 1840 жана 1850 номурларына чалып, эгер сүрөт, видео фактылар болсо 0554 18-21-85 WhatsApp номерине жөнөтүүнү суранат.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер