Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талибанчы” Масадыковдун мээ кайыктыгы элибизге каран күн салбайбы?..

“Талибанчы” Масадыковдун мээ кайыктыгы элибизге каран күн салбайбы?..

01-октябрь, 10:36
1 349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Афганистандын министрлерине жолугушууга барган коопсуздук кеңешинин орун басары Таалатбек Масадыковго сын-пикирлер курчуду. Дүйнөлүк коомчулук талибандарды тааныбай, алардын диний өкүмзордугун жерип аткан чакта, чоң катачык кетиргенин сездиби? Кол кескен, адамдарды койдой мууздаган, аялдарды аёосуз басынткан мамлекет бизге өнөктөш эмес да, туурабы? Айтор, Масадыковдун мээ кайыктыгы оңунан чыккан жок. Бийликтин аброюна шек келтирди. Анын талибандарга желпилдей жетип барганы үчүн шериктеш өлкөлөр арасында карама-каршылык жаралууда. Тышкы саясатыбызды оңдой албай жатып, улам бир катачылыкты кетирүү кимге опо? Кыскасы, калкыбыз кыйналып турганда Таалатбек Масадыков дагы бир каран күндүн желаргысын баштап койду окшойт. Кыргызстанда терроризм, экстремизм коркунучу кылтыйып турганда, аягы кандуу калабага себепчи болбойбу? Ток этери, тийешелүү органдар Таалатбектин талуу жеринен кармап, ишмердигине баа бериши зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер