Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиз Нарынбаев – согуш жана илим майдандарынын кайраткери

Азиз Нарынбаев – согуш жана илим майдандарынын кайраткери

10-май, 23:43
338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азиз Исажанович Нарынбаевдин өмүр баяны бир караганда жипке тизгендей тегиз жүрүп, өзүнүн токсон жылдан ашуун жашаган өмүрүндө жалаң гана жакшылыктын, ийгиликтин үстүндө өткөндөй көрүнөт. Чынында да ошондой. Ал киши илимдин доктору болду, профессор, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ардактуу академик наамдарын алды. Илимде, жогорку билим берүү тармагында сиңирген эмгеги жогору бааланып, “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланды, “Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген жогорку наамга татыды. Республикада философия илиминин баштоочуларынын бири, белгилүү окумуштуу катары аброю, кадыр-баркы дайыма жогору болду. Жубайы Рауфа Галимовна менен бир уул, эки кызды тарбиялашып, бактылуу үй-бүлө күттү. Талыкпаган эмгекчил, тубаса педагог, чоң илимпоз иретинде отузга чукул илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдады, алардын арасында мен да бармын. Азиз Исажановичтин окуучуларынын сап башында совет доорундагы орто звенодогу партократ-чиновник, “альтернативасы жок шайлоо болгон жерде эч кандай демократия болбойт” деп демократ катары чыга келген, эгемендик жылдарындагы кыргыз саясатынын чоң оюнчусу, азыркы күндө “Манастын” философиясын, Айтматовдун философиясын баш кылып изилдеп, улам бир жаңы идеяларды жарыялап жаткан опол тоодой окумуштуу Жумагул Сааданбеков турганын айтып коюу абзел. 

Бирок Азиз агайдын Улуу Ата мекендик согушта атактуу Курск майданына катышканын, айрыкча 1944-жылы Минск шаарынын алдындагы кандуу кармашта бир бутунан оор жаракат алып, ал жара өмүр бою айыкпай улам жаңыланып турганын билгенден тартып, мен агайдын тагдырын Алексей Маресьевдин тагдырына окшоштурар элем. Агай согуштагы күжүрмөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз”, 1-даражадагы “Ата мекендик согуштун катышуучусу” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Агай 1945-жылы согуштан жарадар болуп кайтып, Фрунзе педагогикалык институтундагы тарых адистиги боюнча окуусун улантып, аны 1947-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1950-1952-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуп, аны бүтөрү менен 1952-жылы “Роль Советского государства в формировании и развитии социалистических наций” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Айта кетүүчү бир жагдай, кандидаттык диссертацияны ар ким эле аспиранттык окуусунун учурунда коргоого жетише бербейт. Бул фактынын өзү Азиз Исажановичтин өтө тырышчаак, илим ишин ийне менен кудук казгандай талыкпай аткарган адам экендигин айгинелеп турат. Андан соң Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун ректору, кайрадан кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, 1968-жылдан Кыргыз ССР илимдер академиясында сектор башчы, кафедранын башчысы болуп эмгектенди. 1970-жылы “Закономерности развития национальных отношений в СССР в период строительства коммунизма” аттуу темада докторлук диссертациясын жактаган. Ошол жылдары совет өлкөсүндө улуттарды жакындатуу, ал эми айтылбаганы менен түпкүлүгүндө бир бүтүн Совет эли деген ураандын алдында улуттардын жоюлушун көздөгөн, бир нече жылга созулган дискуссия жүргөн. Улут маселеси боюнча жакталган диссертациялар аталган дискуссиянын капшабына кабылып, агайдын диссертациясы 1976-жылы бекиген. Диссертациянын бекитилишин күтүп бир нече жылга созулган мезгил агайдын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок Азиз Исажанович эрки бекем инсан катары эч кимге сыр билдирген эмес. Айта кетүүчү жагдай, Азиз Исажанович Нарынбаев убагында түрк дүйнөсүн дүңгүрөткөн чоң тарыхы, маданияты бар уйгур элинен чыккан илимдин биринчи доктору.

Азиз Исажановичтин илимий изилдөөлөрү шарттуу түрдө эки темага жана эки этапка бөлүнөт. Биринчиси, 1952-жылдан тартып 1970-жылдардын ортосуна чейин ал киши улут маселесине тийешелүү темалардын үстүндө иштеп, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жазган. “Некоторые вопросы сближения наций” (Фрунзе, 1965), “Межнациональная семья” (Фрунзе, 1969), “Социальная структура Советского общества” (Фрунзе, 1981) аттуу илимий эмгектерди жарыялаган. Экинчиси, 1970-жылдардын орто ченинен кийин ал киши философиянын тарыхы боюнча изилдөөлөргө өтүп, коомдук-философиялык ойломдун тарыхы, айрыкча уйгур калкынын руханий-философиялык мурасын окуп үйрөнүүгө көп убакыт бөлдү.

Мен 1976-жылдын июль айында СССРдин элүү жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуумду аяктап, академиянын философия институтунун философиянын тарыхы секторуна кенже илимий кызматкер болуп иштеп баштаганда агай сектор башчы болчу. Бир-эки жылдан кийин агай аспиранттарды философия боюнча окутуучу кафедранын башчысы болуп которулду. Бирок илимий изилдөөлөрү философиянын тарыхы сектору аркылуу өткөндүктөн дайыма байланышта иштедик. Мен жаңы келип иштей баштагандан тартып эле институттун директору, академик А.А.Алтымышбаевдин жаштарга, алардын ичинде мага да камкор мамилесинин күбөсү болуп жүрдүм. Азиз агай да тажрыйбалуу педагог окумуштуу катары кеп-кеңешин дайыма айтып турчу. Сектордо мага кыргыз элинин этикалык дүйнө таанымы боюнча изилдөө иштери тапшырылды. Бир жылдан ашуун убакыт иштеп калганымда 1977-жылдын аяк ченинде Азиз Исажанович экөөбүз негизинен Ленин атындагы бүткүл союздук китепканада иштөө үчүн, ара-чолодо СССР илимдер академиясынын философия институту менен таанышуу максатында Москвага командировкага бардык. Ал жакта агайды жакындан билүүгө шарт болду. Адамгерчиликтүү, токтоо, жөнөкөй киши экен. Китепканага кандай жазылуу керек, керектүү китептерге буюртманы кандай берүү керек бардыгын үйрөткөн. Бир күнү Москванын Волхонка көчөсүндөгү философия институтун көрсөтүп, ал жерде үй-бүлө темасы боюнча союздагы таанымал адис профессор А.Г.Харчев менен тааныштырган. Агай ошондо мени келечекте үй-бүлө темасы боюнча иштейт деп пландап жүргөн көрүнөт. Кийин, 1979-жылы “Советтик кыргыз үй-бүлөсүнүн калыптанышы” деп менин кандидаттык диссертациямдын темасынын бекитилишин ал киши көшөрүп сунуштаган. Азиз Исажанович менен 1979-жылы да Москвага командировкага чогуу бардык. Анда да агайдын айтуусу менен А.Г.Харчевге барып консультация алганым эсимде. Командировканын учурунда негизинен Ленин китепканасында иштечүбүз. 

Агайдын талыкпаган иштерман экендигин дагы бир командировканын мисалында айта кетпесем болбойт. 1983-жылдын жай айларынын биринде ошол учурдун актуалдуу деген социалдык-экономикалык, руханий-адептик маселелери боюнча эл арасында лекция окуу үчүн республикалык “Билим” коому тарабынан Каракөл, Ташкөмүр шаарларына бир жумага бардык. Тартип боюнча бир күндө үч лекция окулат да, ар бир лекцияга акы төлөнүүчү путевка толтурулат. Күн ысык. Ал эми Ташкөмүр шаары Кыргызстандагы эң ысык жер. Партиянын шаардык комитетинин үгүт иштери боюнча бир кызматкери бизди күн сайын коштоп жүрөт. “Лекция окуйбуз” деп баргандар көп болуп, алардан тажаган шаардык комитеттин аппарат кызматкери “силерге күнүнө үчтөн лекция окулду деп мөөр басып, путевкаларыңарды берели, үйүңөргө кайта бергиле” дегенге агай болбойт, “жок, күнүнө үч ишканага же мекемеге лекция уюштурасың, андан да эртең кай жерлерде лекция окуурубузду бүгүн айтасың” деп. Анан түнү эртеңки бара турган мекеме-ишканалардын кесиптик багытын эске алып, лекциясын даярдачу. Агай тактык, чындык, милдеттүүлүк сыяктуу ишеним-императивдерди өзүнүн жүрүм-турумунун, өтөлгөлүү өмүрүнүн кредосу катары сап туткан жан эле.

Жогоруда Азиз Исажановичтин илимий изилдөөлөрү эки тематиканын үстүндө өткөндүгүн айттык. Экинчи тематикасы жалпы коомдук-философия ойломдун тарыхы, айрыкча уйгур элинин дүйнөтүшүнүүсүн философиялык-онтологиялык өңүттөн изилдөө болду. Бул темада ал киши ондогон илимий китептерди, жүздөгөн макалаларды кыргыз, уйгур, орус, кытай, англис тилдеринде жарыялады. Албетте тарыхтын улуу көчүндө миң өлүп, миң тирилген кыргыз, уйгур элдеринин миңдеген жылдык тарыхы туташ болду. Азиз Исажанович өз элинин патриот өкүлү катары өмүрүнүн көп жылдарын уйгур философиясынын өзөгүн изилдөөгө арнады. Эл аралык илимий форумдарга докладдар менен катышты. Көп жылдык күндөп-түндөп отуруп изилдеген ишинин үзүрү “Прогрессивная общественная мысль уйгуров второй половины ХХ века” (Фрунзе, 1988), “Махмуд-Кашгари – классик средневековой общественной мысли” (Бишкек, 1993), “Из истории общественной мысли древних и средневековых уйгуров” (Бишкек, 1994), “Уйгурские мыслители” (Бишкек, 1995) жана башка эмгектеринде жарык көрдү. Албетте, көп жылга созулган изилдөөлөрдө айрым полемикалуу тезистер да болбой койгон жок. Айталы, 1991-жылы философия институтунун философиянын тарыхы бөлүмү тарабынан менин демилгем менен даярдалган “Общественно-философская мысль народов Средней Азии” аттуу илимий жыйнактагы “Мировоззрение Юсуфа Хас Хаджиба Баласагуни” деген макаласында Азиз Исажанович улуу ойчул, кыргыздын Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келип, эр жеткенде Кашкарга барып билимин жогорулатып, ошол замандагы орток түрк тилинде биринчи жолу “Куттуу билим” деген шедеврди жазган Жусуп Баласагынды, Ысык-Көлдүн Барскоонунда төрөлүп, кийин Жусуп сыяктуу эле Кашкарга барып, “Түрк тилдеринин сөздүгүн” түзгөн Махмуд Кашкарини уйгур элине гана таандык деген осол ойду ортого салды. Ошондо “бул оюңуздан кайтып, баласагындык Жусуптун, барскоондук Махмуддун эмгектери түрк элдерине бирдей тийешелүү, орток мурас деп жазсаңыз болмок” деген пикирге анчейин муюбаган. Кийин тилекке жараша агай өзүнүн бир жактуу пикирин өзгөрткөн.

Жалпылап айтканда, Азиз Исажанович үч жүздөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде жыйырма монографиянын автору, илимдин ондогон кандидаттарына, докторлоруна илимий жетекчилик иш алып барган устаз болду. Алардын ичинде агай уйгур элинин уул-кыздарынын арасынан А.Баудинов, С.Калпетходжаева, С.Абдулкамитова, Абдуреим Турсун сыяктуу илимий шакирттерин даярдады.

Ал киши менен чогуу иштеп, кеп кеңеш уккан муундун мен сыяктуу өкүлдөрү агайыбыздын жаркын элесин жүрөгүбүздө дайыма сактайбыз. 


Өскөн Козубаев, философия илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, А.И.Нарынбаевдин окуучусу  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер