Акыркы кабарлар
» Коом » Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды
Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды
21-июль, 13:33
586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды. Маалыматты Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тастыктап, буларга токтолду.
"Кыз бүгүн, 20-июлда көз жарды. Шектүүнүн жашы 20да. Кыз толук кандуу үй-бүлөдөн. Атасы менен бирге жашашкан. Апасы Орусияда болгон" деп билдиришти башкармалыктан.
Жалал-Абад ОИИБи бул факты Сузак РИИБинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын билдиришти. Ал эми шектүү учурда эки айга камакка алынган.