Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоо мени сындырды, бирок 39 жашымда кайра гүлдөдүм

Жашоо мени сындырды, бирок 39 жашымда кайра гүлдөдүм

07-август, 22:21
1 186 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 39 жашка толдум. Бул жашка чейин башымдан далай татаал күндөр өттү. Тагдыр мени сынады, сүйүндүрдү, ыйлатты, күлдүрдү… Бирок, эң чоң сабагы чыдамдуулукту үйрөттү.

Күйөөм менен 20 жыл жашадым. Бала кезден эле “бактылуу үй-бүлө болом” деген кыялым бар эле. Жокко да көндүк, барга да шүгүр айттык. Бактылуу учурларыбыз көп болду, чогуу күлүп, чогуу тагдырга тизе бүктүк. Кудайымдын мээрими менен тогуз балалуу болдук. 5 уул, 4 кыз. Алар менин жашоомдун тиреги, үмүттөрүм. Бирок убакыт өткөн сайын турмушубуз оорлоп, күйөөм ичкиликке берилип кетти. Акыры ажырашып тындык.  

Үч жыл өттү. Азыр өзүмдү карап калдым. Жашоону кайрадан баштадым. Эч ким ишенбейт. “Тогуз балаң барбы? Жаш көрүнөсүң” деп таңгалышат.  

Жакында кызымды узатып, неберелүү болдум. Тойго атасын чакырдык. Келбеди. “Балким, азыркы аялы жибербегендир” деп өзүмдү соороттум. Таарыныч да, түшүнүү да аралаш ошондо бир кайгырдым.

Тагдырымдын андан да кызыктуусу – тогуз балам бар экенин билип туруп, үйлөнө элек, өзүмдөн жаш бала колумду сурап, макулдугумду бердим. Азыр турмушум ойдогудай. Жашоомдон катуу сындым эле, бирок кайра гүлдөдүм. Эми күйөөм “төрөп бер” деп бала күтүп жүрөт. Дагы бир ирет эне болуу бактысына жетемби? Белгисиз...


Аида 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер