Акыркы кабарлар
» Саясат » Элибиздин Аскар Акаевге сый-урматы жогору экенине дагы бир ирет ынандык
Элибиздин Аскар Акаевге сый-урматы жогору экенине дагы бир ирет ынандык
07-февраль, 11:06
8 673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌44 жашында Айдар Акаевдин жүрөк оорудан каза тапканы коомчулукту кайгыга салды. Көңүл айтуу, кайгыны тең бөлүшүү салтыбызда бар эмеспи. Маркумдун сөөгү 8-февралда Москвада жерге берилери белгилүү болду. Жаткан жери жайлуу, арты кайрылуу болсун!
Ириде, кыргыз элинин көпчүлүк катмары уулунан ажыраган Аскар Акаевге көңүл айтышып, жамандыкта арка-жөлөк болушканын, жылуу сөздөрүн арнап атышканын соцтармактардан байкадык. Бир топ белгилүү адамдар Айдардын сөөгүн мекенине коюу керектигин да билдиришти. Мунун баары Аскар Акаевге болгон жогорку сый-урмат экенин тана албайбыз. Экс-президенттин элине кылган эмгеги, жаратмандык иштери убакыт өткөн сайын бааланууда. Эмне үчүн кадырлуу инсаныбызды барктай албайбыз?..
Aryba.kg