Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Ата-Бейиттин” абалы өтө кейиштүү экен”


-- Жанар мырза, шайлоолордо аялдарга бөлүнчү квотаны жоюп салуу боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Фракция лидери катары сиз буга кандай карайсыз?
-- Айылдык кеңештерде аялдар көбүрөөк болгону жакшы эле. Анткени, алар социалдык маселелерди тынбай көтөрүп турушат. Мобул жерде деле эркектер саясат менен алек болушуп, эки-экиден жулкулдашып калган учурлар көп. Андыктан, аялдардын көбүрөөк келгени жакшы. Бирок, 300-400 добуш менен парламентке келип алганы да туура эмес. Кеминде миңден жогору добуш алгандар келишсе жарашат. Өткөндө төрага да айтты бул боюнча өз позициясын. Менимче, квота боюнча маселе жаралат го....
-- Сиз дагы квотаны жоюш керек деп эсептейсизби?
-- Мен аябай ойлонуп атам. Жоюлушун колдобойм, бирок белгилүү бир деңгээлде добуш алуулары керек. Миң добуштан ашса дегендей...
-- Анда парламентке аялдар дегеле келбей калбайбы?
-- Бул жерде бизге караганда көп добуш алган аялдар арбын. 7-8 миң добуш алып келгендер бар. Квота он пайызга гана таасир этиши мүмкүн. Бизде тың, ишкер, элге кадыр-баркы жогору аялдар көп да.
-- “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплекси жөнүндө жакшы маселе көтөрдүңүз. Сиздин айтымыңызда, ал жерде көйгөй көп окшойт...
-- Мен саясый репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзамдын үстүндө бир жылдай иштеп жүрүп, Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эми президент кол коюшун күтүп атабыз. Ошол мыйзам менен жүрүп, “Ата-Бейитти” жакындан билдим да. Мурда барып, гүл коюп, ата-бабаларды эскерип эле кетип калчумун. Ичинен таанышсам, абал өтө кейиштүү экен. Азыр барсаңыз ичи суук. Отуздай кызматкер алектенишет. Айлык акылары аз. Жети миң сомго ким иштейт? Илимий кызматкерлер 15 миң сом алышат экен. Же ал жакка маршрутка каттабаса. Чөп чапкан машинасы жок, трактору бузулуп калган. Былтыр өзүбүз акча чогултуп, 100 миң сомдой каражат алып барып бергенбиз. Өтө көп маселе бар да. “Ата-Бейит” бул жөн эле чет өлкөдөн коноктор келсе алпарып, гүл койдуруп коё турган жер эмес. Тарыхый, идеологиялык мааниси өтө бийик. Быйыл айлыктарын бери дегенде үч эсеге көтөртүү үчүн “Альянс” фракциясынын чечимин чыгарып, өкмөткө жөнөттүк. Ал ишке ашат деген ойдомун.










