Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Мындай мезгилде ишти артка тартпай, баарыбыз президентке жардам берели”

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Мындай мезгилде ишти артка тартпай, баарыбыз президентке жардам берели”

31-январь, 23:48
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, президенттин коопсуздук кеңешинде “иштей албасаңар арызыңарды жазып, кеткиле!” деген сөзү ишке ашабы же көп сөздүн бири болуп калабы?

-- Коопсуздук жыйынында биринчи жолу жогорку мамлекеттик даражадагы чиновниктерге президент өтө ачуу сөздөрдү айтты. Бул сөз жөн эле айтылган жок. Анткени, мамлекеттик чиновниктердин чабалдыгы президентти эмоциялуу абалга жеткирип койду. Санариптештирүү, региондорду өнүктүрүү, балдардын укугун коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү жарыяланганы менен иш ойдогудай жүрбөй жатат. Образдуу айтканда, катуу ылдамдыкта күүлөнүп кете албай, токтоп калган мезгилдер болуп жатат. Ошон үчүн президент “эмне үчүн ишиңерден натыйжа чыгара албай жатасыңар? Эмне үчүн чабалдыкка жол бересиңер?” деп катуу сындады. Президент бул сөздөрдү элге көрүнүш үчүн айткан жок. Жүрөгүнөн күйүп айтты. Анткени, команда болгондон кийин баары президенттин колуна кол, бутуна бут болушу керек болчу. Антип жапатырмак иштебесе, президенттин жана анын аппаратынын аракетинен майнап чыкпайт, маселе чечилбейт. Аты аталган чиновниктер берилген мөөнөттө ишинен жыйынтык чыгарбаса, сөзсүз түрдө кызматынан кол жууйт. Алар кызматынан эле кетпестен, иш козголуп, иши тергөөгө өтүп, камалып да калышы мүмкүн. Ошондуктан, азыркы чиновниктер маалкатпай иштеши керек. Ар бир адам аткарган кызматына жараша жооп бериши кажет. Анткени, коррупция менен күрөш  оюнчук эмес. Президент таза адам. Ал айткан сөзүнө турат. 

-- Неге өкмөт ишинен жыйынтык чыгара албай жатат? Өкмөт башчы баш болуп арыз жазып кеткенге духу жетпей жатабы?

-- Өкмөттүн отставкага кеткенге духу деле жетет. Алтургай президенттин, парламенттин өкмөттү отставкага кетирип койгонго да күчү  жетет. Бирок, өкмөт кетсе эле маселе чечилип калбасын билишет. Алар кетсе  эле Кыргызстан оңолуп кетсе, мурун эле кетип калмак. 

Бирок мен “өкмөт кетсин, анын колунан эч нерсе келбейт” деген пикирге анча кошула албайм. Анткени, өкмөт башчы, президенттин аппараты колунан келишинче иштеп жатат. Тилекке каршы, өкмөт мүчөлөрү ар кайсы партиядан шайланып келген үчүн көп учурда бир муштумдай түйүлүп иштей алышпай жаткансыйт. Премьер-министрдин айтканын айткандай кылбай жатышат. Мындай учурда дооматтын баары өкмөт башчыга коюлуп, аны кызматтан кетирген менен баары бир иш оңолбойт. Анткени, булардын ордуна келгендер иштин көзүн тапканча убакыт өтүп, көп нерсени уттуруп коёбуз. Мүмкүн кийинки келген премьер-министрдин бизнеси болуп, ошону коргоонун аракетин көрүшү мүмкүн. Ошондой эле “эртең президент болом” деген амбицияга алдырып, ишинен майнап чыгарбай, башка нерсени каалап, ишти артка тартышы мүмкүн. Ачыгын айтканда, Абылгазиевдин өкмөтүнүн көпчүлүгүнүн бизнеси жок. Ошондой эле партияга мүчө эмес. Иштеринен анчалык жыйынтык чыкпаганы менен өкмөт мүчөлөрүнүн баары начар эмес. Кабылов деген салык тармагынын башына келген жигит  жарым жылда салыкты эки эсе көп чогултту. Иш башкаруу башкармалыгынын жетекчиси болсо бир жылдан бери мактоого арзыган жакшы иштерди жасады. Ала-Арчага электрондук КПП орнотуп, мурункудан бир канча эсе көп каражат топтой баштады. Кыскасы, иштин көзүн тапкан жетекчилер бар. Ишинен майнап чыгара албагандардын айынан мактоого татыган чиновниктердин жакшы иштери байкалбай калып калууда.    

-- Спикер неге коомчулуктун сынына  кабылып жатат?

-- Спикерге асылгандар чыны менен көп. Өзү да сындай турган катачылыктарга жол берип алды. Бирок, бир жолу чет мамлекеттеги бир шаардын атын туура эмес айтып алса эле “кызматтан кет” деп асылып албашыбыз керек. Көп учурда спикер кол алдындагылардын катачылыгынан улам элдин сынына кабылып жатат. Спикер убакытты өткөрбөй командасын жаңыртып, билимдүүлөрдү кызматка тартышы керек. Болбосо, алардын сабатсыздыгы спикерге сөз тийгизүүдө.  

Чынында азыркы төрага мурдагы төрагаларга караганда көп иштерди жасады. Башкаларчылап “бизнесимди коргойм, партиямдын камчысын чабам” деген жок. Ошондой эле ашыкча да чыгым кылган жок. Президент, премьер-министр, спикер – үчөө бир муштумдай түйүлүп, бир команда болуп иштеп жатышат. Ошон үчүн мамлекеттин ишин артка тартпай, “спикерди кызматтан кетиребиз” деген ойдон алыс болушубуз керек. Анткени, спикердин ордуна келген төрага эле укмуш  болуп кетпейт. Ал ишти илгерилетпей эле өзүн көрсөтүш үчүн, тескерисинче, ишти артка тартышы мүмкүн. Өсө турган мамлекет болгондон кийин бирде спикерди, бирде премьерди кызматтан кетиребиз дебей, туруктуулук кылып, иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек. 

-- Коррупция менен күрөш жарыяланганы менен ири суммада акча алып кармалган коррупционерлер айып пул төлөп кутулуп жатышат. Алмаматовго окшогондор президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарып жаткан жокпу?

-- Алмаматовдун иши чыны менен “былтыйган” деген сөздү айттырды. Чара көрүү боюнча Жогорку соттун төрайымына кайрылды. Ошондой чечимди кабыл алган сот кызматтан кетти. Ал сотко кылмыш иши козголуп, керек болсо камалышы да мүмкүн. Анткени, ал жөн эле чыгарган жок да. Балким ири суммада акча алгандыр. Кыскасы, мына ушундай көрүнүштөр коррупцияга каршы күрөшкө  бут тосууда. Тагыраагы, байлардын иши президенттин  ишине көлөкө тийгизүүдө. Мындай мезгилде ишти артка тартпай, баарыбыз президентке жардам беришибиз керек. Миллиондон ашык адам шайлап, жалпы элибиз колдоп бергенден кийин жерине, ата тегине асыла бербей, президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Анткени, жөн эле адам президент болбойт. Кудай сүйгөн пенде жана эл баалаган адам президент болот. Президентке президенттей мамиле кылуубуз абзел.

-- Акыйкатчыга атырылып бир тийчү элеңиз. Азыркы акыйкатчыбыз кандай иштеп жатат?

-- Токон Болотбекович жакшы иштеп жатат. Бир гана жаман жери, адам укугу  боюнча көйгөйлүү маселелер көп, ошол жагынан аксап жатат. Анткени, акыйкатчы көп учурда позициясын билдирбей, тажрыйбасы аздык кылууда. Акыйкатчы  адам укугу тепселген маселелер жаралганда, чырылдап чыгышы керек. Адам укугу деген чоң академия. Ага билим, сапат жана чечкиндүүлүк сапаттар болуусу кажет. Акыйкатчы адам укугун коргоо боюнча катуу аракет кылбаса, иши көрүнбөй, байкалбай калат. Токон Болотбекович билимдүү адам, бара-бара ишин жөндөп кетет деп ишенем.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер