Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Депутаттар курултайга каршы чыкпай, кайра ага таянышы керек болчу”

Бакыт Бакетаев: “Депутаттар курултайга каршы чыкпай, кайра ага таянышы керек болчу”

22-май, 19:30
1 465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адахан Мадумаров курултай боюнча айтып жатып, “курултай – бул машинеге бешинчи дөңгөлөк, анын эмине кереги бар?” деди. Буга эмне дейсиз? Чын эле курултай ашыкчабы? 

-- Ар бир машинада бешинчи дөңгөлөк болот, анын аты "запаска". Ансыз алыс жолго тажрыйбалуу, кесипкөй, жооптуу айдочулар чыкпайт. Запас дөңгөлөктү дайыма желдеп, камдап жүрүшөт. Эгер жүргүнчүлөр машинада “запаска” жок экенин билсе, андай машинага эстүүлөр отурбайт. Тобокелге салып отургандар болот, бирок мындай адамдар өтө аз.

-- 2021-жылы референдум болгондо “бул Конституция эмес, ханституция” деп айткандар болду. Сиз кандай пикирдесиз?

-- Азыр кылдат карап көрсөңөр, мындай Конституция 30 жылда болгон эмес. Мурунку Конституцияларда президенттер Жогорку Кеңешти таратууга укугу бар болчу, азыркы Конституцияда андай жок, кайра Жогорку Кеңеш президентти тактан түшүргөнгө укугу бар. Демек, бул эң бир парламенттик Конституция болуптур.

-- Курултай ошондо бийликтин кайсы бутагына кирет? 

--Курултай – бул бутак эмес, ошол бийликтин үч бутагына суу камсыздаган тамыр. Анткени курултайчылар элдин арасында, региондордо, айылдарда жашап, иштеп жүргөндөр. Мугалимдер, баба дыйкандар, дарыгерлер, электриктер, шопурлар, пенсионерлер, иши кылып 90 пайызы карапайым жарандар. Алардын активдүүлүгү, тайманбастыгы, даанышмандыгы үчүн жер-жерлердеги эл өзү тандап шайлаган. Биринчи айылдардан, экинчи айыл өкмөттөрдөн, үчүнчү райондордон, анан барып облустардан тандалат. Төрт тепкич электен чыккандар анан гана делегат болушат. Арабызда бир да олигарх же бай жок. Делегаттар шайланып жатканда кымбат үгүт иштерин жүргүзбөдүк. 

 Крултайдын мааниси терең. Мамлекетте коррупция болбошу үчүн элдик башкаруунун өзүнүн касиети бар. Канча көп киши курултайчы укугуна ээ болсо, ошончолук аз коррупция болот жана демократия принциптери чыңалат. Деги эле курултай – парламентаризмдин биринчи тепкичи. 

-- Эмнеге депутаттар курултайга каршы чыгып жатат деп ойлойсуз? 

-Депутаттар курултайга каршы чыкпай, кайра ага таянышы керек болчу. Анткени биз көпчүлүкпүз. Бишкектин 800 делегаты 60 республикалык делегатты шайлашты, а шаардык делегаттарды райондук делегаттар шайлады. Жалпы региондордун курултайчыларын кошсок өтө көп, аларды шайлаган элдин санын алсак, бир миллионго барып калат. Ушунча күчү бар курултайды депутаттар өздөрүнүн убактысы жетпей, каралбай, чечилбей жүргөн көйгөйлөрдү чечкенге чакырбайт белеБиздин колу-бутубузду кесебиз дешкени, биздикин эмес, элдикин кесип жатпайбы. Курултайчылардын максаты – өздөрү жашаган жердин, элдин көйгөйүн, көмүскө маселелерди өлкө башчысына, ошол эле депутаттарга ачыктап берүү. 

Кыргызстанда үч жолу революция болгон жок, үч жолу курултай болду. Анда эл таш менен добуш беришти. Азыр президент ошол нерселердин алдын алуу максатында, “таш эмес, ой-пикир менен добуш бергиле деп курултай чакыртты.  Таңкалычтуусу, курултай институтуна президент эмес, депутаттар чуркап, ошол эл өкүлдөрү деп аталгандар элден куралган курултайдын өтүшүнө кызыкдар болушу керек болчу. Курултай – бабалардан калган жөн гана мурас эмес, бул көчмөн демократиянын маданияты.

-- Деги эле эл өкүлдөрү менен делегаттардын айырмасы эмнеде? 

-- Депутаттар аймактарга бир жылда бир каттайт экен. Ай сайын баргандар өтө аз. А курултайчылар эл арасында жашашат, дайыма эл менен чогуу. 

-- Өткөн жылда курултайда ким кимди мактады? Тескерисинче, сындар айтылбадыбы? 

-- Курултайчылардын 99 пайызы элдин калың катмарынан тандалган карапайым жарандар. 

-- Депутаттардын айтып жатканынан улам бир суроо жаралат: курултайдын сиздерге, делегаттарга кандай пайдасы бар? 

-- Көпчүлүгүбүз пенсия курактагы жарандарбыз. Корко турган эч нерсебиз жок болгондуктан, чындыкты сүйлөйбүз. Биз көргөндөрүбүздү, оң жана терс көрүнүштөрдү жогору жакка жеткирип, алдыда жаман көрүнүштөр болбосо дейбиз. Биздин табар пайдабыз жалгыз ушул.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер