Төңкөрүштө жабыркагандардын бирөө комада
Ала-Тоо аянтындагы кагылышуудан жабыркагандардын бирөө комада. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, 5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1253 киши кайрылган.
“Булардын ичинен ооруканага 272 бейтап жаткырылып, бирөө реанимацияга түшүп, дагы бири көз жумган. 1043 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген. Азыркы маалда стационарларда 39 бейтап дарыланып жатат, анын бири комада” деди Жумалиев.
Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны:
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору — 17;
Улуттук хирургия борбору — 3;
Улуттук госпиталь — 15;
Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасы — 1;
Чүй облустук ооруканасы — 3.