Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Татыксыздар сыйлыктарды алышты. Арасында Чолпонбек Абыкеев да бар...

Татыксыздар сыйлыктарды алышты. Арасында Чолпонбек Абыкеев да бар...

04-сентябрь, 12:45
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү бульвардык чыгармалардын автору, мамкатчы Чолпонбек Абыкеев “эки жыл чыдап бергиле” деп элге кайрылуу жасады. Көрсө, эки жыл оор болуп, анан эле кризистен чыгып, турмуш оңолуп, беш жылдан кийин Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөргө кошулуп, 10-15 жылдан кийин алдыңкы 10  мамлекеттин катарында болот экенбиз. Кыргызстан Сингапур, Малайзия баскан 20-30 жылдык жолду кыскартып, 10 жылдан кийин “кыргыз керемети” болот окшойт. Чунак киши ойлонуп айтып жатабы, же ойноп айтып жатабы, ким билет?

 Мээнеткеч, сабырдуу, көтөрүмдүү элибиз коррупционер, ууру, кылмышкер президенттердин, депутаттардын, бийликтеги аткаминерлердин акмакчылыгына чыдап эле келе жатат го. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев эмненин негизинде минтип айтып жатат? Өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынып, тышкы карыздардан кутулуунун булактары табылып, элди жумуш менен камсыз кылуунун, ИДПны көбөйтүүнүн экономикалык пландары түзүлүп, ар бир кадамы эсептелип чыкса, айтса болот эле, же Ысык-Көлдүн жээгине асмандан жааган 20 миллиард АКШ долларына курула турган “Асман” шаарынын долбооруна ишенип айтып жатабы? Белгисиз...

Баса, Кыргыз Республикасынын эгемендик майрамында айрым татыксыздар мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Алар боюнча шашпай токтолобуз. Дал ошолордун арасында жеңил-желпи чыгармаларды жазган, бульвардык калемгер Чолпонбек Абыкеев Кыргыз эл жазуучусу наамын алганы интеллигенцияны таңгалдырды. Эрксизден баш чайкайсың...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер