Акыркы кабарлар
» Коом » Умрадан дагы 300 кыргызстандык кайтып келет!
Умрадан дагы 300 кыргызстандык кайтып келет!
19-март, 09:20

Алдыдагы эки күндө Сауд Арабияга кичи ажылыкка барган 300 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, соңку бир айдын ичинде умрага миңдин тегерегиндеги мекендеш барып келген.
“Эртең 100, бүрсүгүнү 200 кыргызстандык умрадан кайтып келет. Алардын баарын аэропорттон текшеребиз, эч биринде коронавирус аныкталбаса, үй карантинине жиберебиз. Эгер бирөө жарымдан аныкталса, баарын обсервацияга алабыз” деди Исаков.
"Азия Ньюс" гезити