Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акан Иманов, серепчи: “Азыр эл саясаттан чарчап, өз оокаттарын кылуу менен алек”

Акан Иманов, серепчи: “Азыр эл саясаттан чарчап, өз оокаттарын кылуу менен алек”

30-май, 22:15
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Курманбек Бакиевди актоо аракеттери башталдыбы? Эгерде ал келсе, “саясый шоу” жанданып, Алмазбек Атамбаевдин рейтинги көтөрүлүп, жаңы ачылыштарга күбө болбойбузбу?

-Менимче, Кыргызстанга Курманбек Бакиев алынып же өз эрки менен келбейт. Ал кишинин күнөөлүү экенин сот далилдеп, сыртынан соттолгон. Эми келем десе акталып кетпейт да, себеби, ошол маалдагы президент катары мыйзам алдында жоопкерчилиги бар. 100дөй адамдын каны төгүлгөнүн тарыхтан чийип коюу мүмкүн эмес. Коомчулук деле кол чаап Бакиевди тосуп албайт. Сурамжылоолорду жасап жатышты го журналисттер, дээрлик баардыгы терс ойдо экенин айтышкан. 

Ал киши келсе Атамбаевдин рейтинги көтөрүлөт деп айта албайм. Себеби, убактылуу өкмөттүн колунда ошол маалда эбегейсиз бийлик болгон. Бирок элди ойлоп, жарытылуу эч нерсе жасашкан эмесАндан кийинки жылдары деле криминалдык элементтер күчөп, коррупция андан да өөрчүгөн. Ошондуктан азыр эл саясаттан чарчап, өз оокатыбызды кантип жүргүзөбүз?” деген ой менен алек. Негизи эски оюндар менен эмес, жаңы кадамдар менен иш жасай турган учур. Ошондуктан мамлекет жетекчилеринин аракети ынтымак аркылуу жаңы бийликтерге жетүү болушу керек.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер