Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Футболдон кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетип таң калтырышты

Футболдон кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетип таң калтырышты

14-ноябрь, 23:49
7 081 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Бишкекте 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында Кыргызстан менен Япония беттеши өттү.

Бул мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп,18 миң киши бата турган стадиондо футбол күйөрмандары келип, дээрлик отурганга жер жок калганын көрүүгө болот.

Таң калычтуу жагдай, беттештен кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетишти. Тазалык ишканасынын жумушчулары ишке чыгып стадиондун таза экенин көрүп, таң калгандарын жашырышкан жок. 

Тазалык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева“Кыргызстан менен Япониянын мелдеши бүткөндөн кийин эски аянтта күйөрмандар зонасы таза бойдон сакталды. Таштандыларды атайы челектерге ыргытышты. Биз көп деле тазалап убара болгон жокпуз. Тазалык үчүн рахмат!”, – деп жазып элди да таң калтырды. 

Эскерте кетсек, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Япония Кыргызстанды 2:0 менен утуп алды.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер