Нурбек Айданбек уулу: “Атамды кейитпей, белди бекем бууп, сыноону татыктуу көтөрүп атабыз”
-- Нурбек, атаңыз Айданбек Акматовдун камалганына бир жыл болду. Бул убакыттан бери оюңар онго, санааңар санга бөлүнүп жатат. Камактагы кишинин да өз түйшүгү бар бекен?
-- Атамдын камалганына туура бир жыл болду. Кыжалат болдук, санааркадык дегендей. Анткени, үй-бүлөдө орду чоң адамдын камалып калышы да сокку болот экен. Түйшөлгөн уйкусуз күндөрдү, оор мезгилдерди баштан өткөрдүк. “Атам жердин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, камалды” деп өзүбүздү сооротконубуз менен адилетсиздикке туш болгонуна ичибиз ачышат. Атама тамак ташып, зарылчылыктарын камсыздаганыбыз менен эркиндикке чыгышы кечеңдеп жатканы түпөйүл кылат.
-- Атаңызга жолугуп турасызбы?
-- Башында көрүшкөнгө мүмкүнчүлүк берилчү эмес. Ошон үчүн соттордо эле жолугуп, ал-жайын сурап калчубуз. Акыркы бир айда эле жолугушууга уруксат берилди окшойт. Биз адвокат аркылуу кат жазышып турабыз. Сотто жолукканга мүмкүнчүлүк болуп калса сүйлөшөбүз.
-- Атаңыз менен жолукканда биринчи сөзүңөр эмне болот?
-- Биз атамдын саламаттыгына кабатыр болуп, “ден соолугуңуз кандай?” дегиче атам бизден озунуп, ал-жайыбызды сурап жиберет. “Муздак, шарты оор жерде жатат” деп тынчсыздансак, “менин камалышым үй-бүлөмө оор тийбеди бекен...” деп ал бизге санааркайт. Кыскасы, атам бизди аяйт...
-- Камакта жатуу да оңой иш эмес. Айданбек байке өңдөн азыптырбы?
-- Атам акыл-эси тунук, өз көз карашы бар, позициясы так, анализи күчтүү адам да. Ошон үчүн бардык сыноону татыктуу көтөрүп жатат. Сынган жок. Мүмкүн ичинен камалууга да даяр болгондур. Себеби, көптөн бери эле оппозициялык маанайдагы пикирлерди айтып, ачуу болсо да чындык тарапта болуп жүргөн. Бүгүн өз ой пикириңди, көз карашыңды ачык билдирсең, ар кандай нерсени күтөсүң. Ошон үчүн атам “эртеби-кечпи камайт” деп моралдык жактан даяр жүргөн окшойт.
-- Апаңыздын абалы кандай? Өмүрлүк жолдошунун камалышы оңой болбосо керек?
-- Албетте, атамдын камалышы апама, бизге, туугандарыбызга да оор тийди. Бирок, апам деле ичинен атамды камалып каларынан кооптончубу, же жүрөгү сезчү беле, эмнегедир түпөйүл болуп жүрчү. Азыр Кудайдын башка салганын көтөрүп, атамды кейитпейли, санааркатпайлы (!) деп белди бекем бууп, сыноону татыктуу көтөрүүдөбүз. Жолуккан сайын “баары жайында” дегендей дем-күч бергенге аракет кылабыз. Атамдын камалганын түшүнөбүз, абактан чыгышын чыдамсыздыкта күтүп жатабыз.
-- Канча бир туугансыз?
-- Бир эжем, бир карындашым бар.
-- Айданбек байке, кыз узатып, келин алып калдыбы?
-- Эжем турмушка чыккан. Мен үйлөнө элекмин. Карындашым турмушка чыга элек. Азыр экөөбүз тең жашпыз. Бирок, атам “келиндин чайын ичип, небере жыттайлы” деп, мени “үйлөн” деп жүргөн. Атам камактан чыкса көрөбүз го. Бирок, мен өзүм үйлөнүүнү максат кыла элекмин. Ошон үчүн “шашпай тургула” деп аткам...
-- Кандай тамак-аштарды киргизесиңер?
-- Үйдө жеген эле кадимки эле азыктарды алып барабыз. “Кубат болсун” деп атам жакшы көргөн тамактарды эттүү кылып жасаганга жана камерада күн көрбөй, баспай жатканын эске алып, витаминдүү тамак-аштарды бергенге аракет кылабыз. Атамды кесиптештери, достору да сурап турушат. Алардын да тамак киргизген учурлары болот.
-- Бойлуу жигит экенсиң. Спорт менен да машыгасыңбы?
-- Өзүм студентмин. 4-курста окуйм. Баскетбол боюнча курама командадамын. Атам бизге ачык айтып, ак сүйлөгөндөн башка спорт менен машыгып, сергек жашоо образында жүрүүгө да үйрөткөн.
-- Кемпир-Абад боюнча камалгандардын айрымдары үй камагына чыгышты. Айданбек байке үй камагына чыккандардын критерийине туура келбей калдыбы?
-- Үй камагына жаштарды, анан аялдарды эле чыгарды окшойт. Камакта жашы улуу жана өзүнүн аудиториясы бар адамдар калды го. Мүмкүн бийликтегилер “алар элди ээрчитип кетет” деп кооптонуп жатышкандыр... Чынында атамдын кылдай деле күнөөсү жок. Анын “элине, мекенине чыккынчылык кылайын, бийликти басып алайын” деген максаты да болгон эмес. Ага болбой эле негизсиз камап, жалаа жаап, бийликти басып алууга ашыккан адамдай сүрөттөп жатышат. Атам эч качан бийликти басып алууга катышпайт. Анткени, атамдын табияты такыр башка. Басып алмак турсун, бирөөнүкүн да тартып албайт. Ак сүйлөп, адал иш кылат. Ага коюлуп жаткан дооматтардын бири да суу кечпейт. Бирок, чоң кылмышкердей көрүп, “кемпирабадчылардын” катышуусу жок эле аларды сырттан соттоого катуу киришип жатышкандай. Бийлик аларды мыйзамсыз бир жыл кармады. Эми бошотушу керек да.
-- Бул күндөргө да чекит коюлушу керекпи?
-- Албетте. Жүрөгүбүздө “акыйкат жеңет, атам үйгө келип, бизди кубантат” деген үмүтүбүз чоң. Кыйынчылыктын баары жакында аяктаса... Себеби, акыры адилеттик орун алып, чындык жеңерине ишенем.
"Азия Ньюс" гезити