Буркановдун бул кылыгын Ташиев билсе, эмне болот?

Шиши толгон адам жарылат да... Бир жылдан бери Арзыбек Бурканов кадр саясатынан, бизнес жатынан таасир жаратып, өзүнчө эле көмүскө хан сыяктуу дооран сүрүп келет. Өзгөчө Баткен облусун жеке фирмасындай эле пайдаланып, урук-тууган, дос, жек-жаат, өкүл балдары сыяктуу жакындарына кызмат энчилеп, билген жармасын чалып келатканы жалганбы? “Кой дээр кожосу жок”, кыйла көпкөлөң тартканы жашыруун эмес. Тизгини тартылбаган эргул эми чоң саясатта интригасын баштаптыр...
Баткен облусунан сырткары, мамлекетти менчигиндей басып алууга катуу тоскоолдук жаралып атыптыр. Арзыбек Буркановдун айбыкканы – Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектеп отурганы. Мындай шартта таасир талашууну тымызын күчөтүп, түштүк аймагынан президент Садыр Жапаровдун позициясын бекемдөөнү шылтоо кылып, айрым фигураларды жакындатууга далбас ургандай. Буга чейин Сүйүн Өмүрзаковду, Талант Мамытовду, Марлен Маматалиевди сүрөөнгө алып, ушундай топторду кеңейтүүгө ашыгып, а түпкүрүндө Камчыбек Ташиевге каршы коюу амалы беле? Аз күн мурда Кубатбек Бороновду таптап, бийликке үйүр алдырууга ашыгып, оюн баштаганы кандай? Анысы резиденцияга кирип чыкканын айтып, мактанып жүргөнүчү? Кечээ Сокенин премьер-министри болуп турган Боронов эл көтөрүлгөндө качып кетип, алапайын таппай калды эле го? Төңкөрүшкө түрткөн ушул сыяктуу зыянкеч чиновниктер эле да. Эми эмнени күтөбүз? Мындай эргулдар бийликке жакындаса, рейтинг түшүп, катуу доо кетет.
Арзыбек Буркановдун жең ичинен көздөгөнү – Камчыбек Ташиевдин душмандары көбөйгөнүн, камалгандарды, “кускандарды” айтып, келечеги татаал экенинен божомол кылганы ыраспы? Эртелеп кутулууну эңсеп жүргөнү каңкууланууда. Президенттен алыстатуу, таасирин азайтуу, ортого чок таштоо сыяктуу айла-амалдары ачык айтылбаса да, кагазга оролгон таризде курч маанайда өнүгүп, көшөгө артынан “көркү” чыга баштаганын кантебиз? Бул жагынан ашкерелөө анчалык деле акылды талап кылбайт.
Эске салсак, бир кезде Бакиев-Кулов тандемин Акүйдөгү интригандар иритип отуруп, экөөнү бөлүп тынган. Майда-барат нерселерден учкун тутанып отуруп, саясый тирешүүлөрдү жараткан эле. Аягы душмандашууга барышты. Кулов “Бириккен фронтту” түзүп, Ала-Тоо аянтынан митинг кылып, Бакиевди отставкага кетирүүгө чейин аракет жасаган. Биз эмне үчүн бул окуяны эстеп атабыз? Себеби, бүгүнкү күндө да эки достун ынтымагын ыдыратууга, уруштурууга кызыкдар күчтөр баш көтөрүштү. Алардын көч башында Арзыбек Буркановдун турганы убакыт-сааты келгенде ачыкталабы? Тынч жашабай калдык окшойт...
"Азия Ньюс" гезити