Акыркы кабарлар
» Коом » Илим Карыпбековдун идеялары суу кечеби?
Илим Карыпбековдун идеялары суу кечеби?
20-ноябрь, 23:59


Коомдук телерадиокорпорациясынын мурдагы директору Илим Карыпбеков “КТРКны жаап салуу керек” деди. Буга чейин мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу сөз болгон. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков райондук жана облустук гезиттерди жоюуга каршылыгын билдирип келет.
Ал эми Илим Карыпбеков Момбековдун пикирин колдобой тургандыгын айтты. “Мен Момбековдун тайманбастыгын жана айрым көз караштарын колдойм. Бирок, ал райондук жана облустук гезиттер боюнча туура эмес пикирде. Алар эчак эле эскирген, барын жаап салуу керек. Андан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарын, КТРКны кошо жабуу керек. Мамлекеттин өзүнүн массалык маалымат каражаттары болбошу керек” деди ал.
Aryba.kg











