Элдар Абакиров: “Саясый куугунтуктар токтогондо гана инвестициялык климатка маанилүү кадам жасалат”
Экономика министринин мурунку орун басары менен маек.
-- “Салык, бажы төлөмдөрүн көп топтой баштадык” деп жатышат. Бирок акыркы мезгилде Кыргызстандан валюта суудай эле агып чыгып жатканы, Улуттук банктан сомду кармоо үчүн жүз миллиондогон доллар сатылганы айтылууда. Бул көйгөйдүн экономикага таасири тууралуу токтолсоң?
-- 2021-жылдын август айында 3 млрд. 200 млн. долларга чейин эл аралык резервдер көтөрүлүп, азыр кайра 500 млн. долларга түшүп калыптыр. Учурда 2,7 млрд. доллардын тегерегинде экен. Кыргызстан сыртка бир нерсе сатат, сырттан бизге валюта кирет. Кайра эле сырттан товарлар, керектүү нерселер келет. Доллар кайра сыртка чыгып кетет. Бул экөөнүн күрөшүнө жараша аталган резервдер жогору көтөрүлөт же ылдый түшөт. Азыр курс 85 сомдун тегерегинде кармалып турат. Балким Улуттук банк 500 млн. долларды сатпаса, курс жогорулап, 90 же 100 сомго чамалап бармак. Эгер резервдер түшүп жатса, демек, экономика алсыз болуп баратат. Сырттан келген акча кеткенге караганда аз болууда. Демек, экономикада көйгөйлөр бар.
Албетте, биз “инвесторлор келди, баары жакшы, сонун” деп айтабыз. Бирок инвесторлордун көбү билимдүү, тажрыйбалуу. Алар баарын карайт. Кыргызстандагы инвестициялык климатты баалап коюу өтө жеңил. Эгер саясый принциптер менен куугунтуктар ж.б. ушул сыяктуу иштер болуп жатса, албетте, ал жерде “бийлик каалаганын кылат экен, бизнеске деле кол салышы ыктымал” деп оңой менен жакшы инвесторлор келе беришпейт. “Мыйзам, адилеттүү сот системасы иштебейт” деген ойдо болушат.
Ошондуктан биринчи саясый куугунтуктоолор токтошу керек. Баары мыйзам алдында бирдей жооп бериши шарт. Ошондо гана инвестициялык климат үчүн эң маанилүү кадам жасалат. Инфраструктура, элдин санына байланыштуу инвесторлор келе берет. Инвесторлор келсе, Кыргызстандан чыгарылган товарлар көбүрөөк болуп, ошонун күчү менен бизге доллар арбын келе баштайт. Эл аралык резервдер да көтөрүлөт эле.
-- Бүгүн экономикабыздын өзөгүн кармаган кандай иштер бар?
-- Кыргызстандын экономикасын бүгүн бекемдеп турган нерсе бул – мигранттардын акча которуулары. Акыркы жылдары көп валюта мигранттар тарабынан келип жатат. Былтыр “2,7 миллиарддан ашык доллар келди” деген маалымат чыккан. Бул Кыргызстандын экономикасын кармап турган чоң фактор. Сезондук өзгөрүүлөр да болуп турат. Июль, август айларында эл аралык резервдер көтөрүлүп, кийин мартка чейин ылдый түшөт. Муну да эске алуу шарт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити