Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Кыргызстанда жашоо шарт оңолуп, жумуш орундары түзүлө баштады”

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Кыргызстанда жашоо шарт оңолуп, жумуш орундары түзүлө баштады”

26-январь, 19:20
703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров “2023-жыл тарыхый тиректи баскан жыл болду” деди. Чын эле бюджетибиз жогорулап, элдин турмушу оңолуп кеттиби?

-2023-жылга карата консолидацияланган бюджеттин ресурстары 503,4 миллиард сом деп болжолдонгон. Натыйжада күтүлгөн пландан ашып, бүгүнкү күндө алдын ала эсептөөлөр менен 574,5 миллиард сом болду. Ал эми мамлекеттин ички дүң продукциясы 1,2 триллион сомго жетти. Муну тарыхый көрсөткүчтөр катары эсептесек болот! 

Айтайын дегеним, жалпы мамлекеттин консолидацияланган бюджети акыркы үч жылда эки эсе өсүүгө жетишти. Ал эми 2024-жылдын планына консолидацияланган бюджет 602,1 миллиард сом, ички дүң продукция (ИДП) 1,3 триллион сом менен бекитилди. Бул көрсөткүч жаман эмес.

-- Акыркы мезгилдерде мигранттардын акча которуулары азайып баратканын айтышууда. Мигранттардын иши начарлап жатабы?

-Чет өлкөдөн акча которуулардын басымдуу бөлүгүн Россиядагы мигранттар түзөт. Алардын которгон каражаты 159,8 миллион долларды чамалайт. Жалпысынан 2023-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 803,11 миллион доллар келип түшкөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 34%га же 774 миллион долларга аз дегенди түшүндүрѳт. Сырттан келип түшкөн акча каражаттарынын азайышына дүйнөдөгү ар кандай туруксуз кырдаал таасирин тийгизип жатат десек болот. Биздин мигранттардын 80%ы Россияда эмгектенгенине карабастан, рублдун курсу төмөндөп кеткендигине байланыштуу акча аз которулду. Бул биринчи себеби. Экинчиси, Кыргызстанда жашоо шарт оңолуп, өзүбүздө жумуш орундары түзүлө баштады. Мына ошон үчүн да акча которуулар азая баштады. Дагы бир акча которуунун азайган себеби, мигранттар Кыргызстанга банк системасы аркылуу акча которуусуна чектөө киргени да себеп болушу ыктымал. Ошон үчүн да биздин мигранттар акча которууну аз жүргүзүп калышы мүмкүн.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер