Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: «Баткенге бөлүнгөн каражаттарды текшерүү зарыл”

Айданбек Акматов: «Баткенге бөлүнгөн каражаттарды текшерүү зарыл”

29-октябрь, 17:30
392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баткенди өнүктүрүү максатында бюджеттен бөлүнгөн жана элден чогултулган каражаттар максаттуу жумшалбай, талкаланган үйлөр салынып бүтпөй жатканын билдирген айрым жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Эгер эртең кар жаап салса, үйү жоктор эмне болот? Каякка барат?

-- Акча бөлүнүп, анан үйлөр курулуп бүтпөй жатканы – бул уюштуруу иштеринин начардыгынан, мамлекеттик органдардын коюлган тапшырмаларды дурустап аткара албагандыгынан кабар берет. Эң жогорку бийлик башындагылар согуш болгон жерлерге барып, менчик компаниялар бүтүргөн айрым үйлөрдү тапшырымыш болуп келди, элдин көзүнө топурак чачып, пиар жасап... Менин оюмча, Баткен окуясынан кийин калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын Жогорку Кеңеш тактап, текшерип, коомчулукка жеткириш керек. 

-- Президенттин Баткендеги өкүлү беш эле ай иштеп кызматтан кетти, башкалары деле өздөрүн көрсөтө алган жок. Негизи Баткенге кандай жетекчи келиши керек? 

-- Кадрлардын тез-тез алмашуусу азыркы бийликтин кадрларга, мамлекеттик иштерге, дегеле мамлекеттин өзүнө карата жеңил-желпи мамилесинен кабар берет. Бишкекте бир күндө бир нече мэр алмашканын да көрдүк. «Акимдерди ротация жасайбыз» деп дүңгүрөтүп, анан эле ротацияланган айрым акимдердин кызматтарын таштап, кетип аткандарын да көрүп жатабыз. Бул жоопкерсиздик.  Баткен облусуна ошол жердин шартын мыкты билген, кайраттуу, иштин көзүн билген азамат керек. Ал жерге барган жетекчиге борбордук бийлик тарабынан бекем колдоо болбосо, анда абал азыркыдан өзгөрбөйт. Колдоо дегенде финансылык колдоо, инвестициялык долбоорлорду түзүшүп, аларды ишке ашырууда ар тараптуу жардам  керек. Мына ошондо жумуш орундар түзүлүп, элдин кирешеси артып, алар ошол аймактарда жашап калат. Ансыз жумушсуздуктан, оор шарттан миграцияга кетип жатат. Өзүңүздөр билгендей, Баткен облусунан ички да, сырткы да миграцияга кеткендердин агымы чоң. Чек араны биринчи кезекте ошол жердеги калк коргойт. Аларды ошол жерде калтыруу жолдорунун бири – жумуш орундары, коопсуздукту камсыздоо, социалдык шарттардын түзүлүшү болуп саналат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер