Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БУУ: “20 өлкө ачкачылыкка кабылуу алдында турат”

БУУ: “20 өлкө ачкачылыкка кабылуу алдында турат”

26-март, 20:29
922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөнүн 20 өлкөсү шашылыш түрдө азык-түлүк жардамына муктаж, болбосо алар ачарчылыкка дуушар болушат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий маалыматына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ачкачылык коркунучуна туш болгон өлкөлөрдүн көпчүлүгү Африкада жайгашкан. Бирок бул көйгөй Ооганстан, Сирия, Ливан жана Гаити үчүн дагы актуалдуу.

"Коронавирус пандемиясы 120 миллион адамды жакырчылыкка түртсө, 114 миллионго жакын адам жумушсуз калган. Ал эми дүйнөлүк экономика акыркы жүз жылдагы эң оор кризиске туш болду. Табигый кырсыктар, климаттын өзгөрүшү, айыл чарбасындагы көйгөйлөр курчуп, мунун баардыгы болуп көрбөгөндөй азык-түлүк тартыштыгын жаратууда. Ачкачылыктын алдын алуу үчүн согуштук аракеттерди токтотуп, калктын аялуу катмарына гуманитардык жардамдарды берүү жана ачкачылык менен күрөшүү үчүн 5,5 миллиард доллар чогултуу керек",- деп жазылат маалыматта.


 “Супер”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер