Миномёттон үн чыкты, элчиден үн чыккан жок. Жаныш Рустенбеков кайда?
28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр ырбап, эки тараптуу кагылышууга айланды. Дээрлик төрт күнгө созулуп, 179 адамды жабыркатып, 34 адамдын өмүрүн алган коогалаңдуу кагылышууда элчинин элге караан болбогону кыргыз интернет сегментинин кыжырдануусун жаратты. Айрыкча анда Рустенбековдун “балык элчи” экенин, жашы да бир топко чамалап калганына карабай, пайдасыз креслодо чапталып отурганын айтып, сындагандар көп болду.
Абал чыңалып, чыр ырбап турган учурда да үн катып, караанын көрсөткөн жок. Элди зарыктыра күттүргөн элчи 1-майда Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталган учурда пайда болду. Анда өкмөттүк делегациянын курамында сүйлөшүүдө Рустенбековдун карааны көрүнгөнүн чагылдырган сүрөт жарыяланды.